Ачыгын айтуу керек, мурдагы мезгилдерде өткөн шайлоолорго салыштырмалуу бул ирет шайлоо алда-канча таза, ачык, административдик ресурстарды колдонууну азайтууга жетишүү менен өткөндүгүн белгилеп кетүүгө болот. Мамлекеттик аппарат мурдагыдай эки стандартта иштеген жок. Бул жерде ажобуздун, анын командасынын туруктуу бир позицияны бекем кармагандыгынын жыйынтыгы болгонун тана албайбыз. Бийликтин, шайлоочулардын, элдин “эркин менен бололу, саясаттагы тарыхыбызды жаңы, таза барактан баштайлы”- деген аракети толук колдоого жатат.

Бирок, шайлоонун жыйынтыгындагы экинчи маселе бизди терең ойлондурбай койбойт. Шайлоочулардын 30 пайыздан бир аз көбүрөөк бөлүгүнүн эле добуш берүүгө катышканы дагы бардыгыбызды ойго салды. Шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүк, анын ыры менен чыры дагы азайган жок. Мунун себеби - Н.Шайлдабекова башында турган БШКнын мыйзамдын талаптарына жасаган кайдыгер мамилесин, туруктуу бир принципти кармана албагандыгында.
БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова менин жеке оюмда, “Шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын талаптарын, нормаларын жакшы өздөштүрө алган эмес, анын ордуна БШКнын серверинин ачкычынын сырын “өтө мыкты” өздөштүргөн адам. Байкасаңар, бир дагы маалыматында, билдирүүсүндө шайлоо мыйзамынын тигил же бул беренесине таянып жооп бергенин уга элекпиз. Ага жазып берген тексттен чыга албай, жалпылап жооп берип келет. Мунун өзү эле анын деңгээлин көрсөтүп турат.
Муну мен төмөндөгү мисалдар, фактылар менен бекемдей алам. 
Биринчиси. 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо, өлкөдөгү эң жогорку кызмат адамы - өлкөнүн президенти А.Атамбаев конституциялык мыйзамды одоно бузуп, СДПК партиясынан талапкер С.Жээнбеков үчүн ачыктан-ачык эле үгүт иштерин жүргүзүп жатты. Мыйзам буга жол бербейт эле. Ал эми Н.Шайлдабекова эч нерсе болбогон сыяктуу, бул аракетке бөгөт коё алган жок. Натыйжада Н.Шайлдабекованын колундагы “сырдуу ачкыч” - БШКнын серверинин эсептөөсү менен ал сүрөгөн талапкер жеңүүчү болуп чыга келди. Республикада 600 миң шайлоочунун колдоосуна татыган башка талапкер Ө.Бабанов өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. 
Экинчи мисал. 2020-жылдагы ЖКнын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына 100 пайыз Н.Шайлдабекова башында турган БШК мүчөлөрү күнөөлүү. Республика боюнча 465 миңден ашык шайлоочу “форма №2ни” туура эмес колдонуп, бир шайлоо участкасынан, экинчи шайлоо участкасына тизмеге кирип добуш беришти. Кийин массалык маалымат каражаттарына жарыяланды, Жалал-Абад шаарында Финполициянын аппаратында иштеген адамдар толугу менен башка жердеги шайлоо участкасына тизмеге кирип добуш беришкен. Мындай көрүнүштөр Ош, Бишкек, Нарын шаарында массалык түрдө жүргүзүлгөн. БШКнын мындай одоно мыйзам бузууга бөгөт коюуга аракет да жасаган эмес. Анткени бул аракеттер ошол кездеги президенттин иниси А.Жээнбековдун, “Раим-миллионун” партиялары үчүн пайдалуу болгон, алар үчүн жагымдуу эле. Натыйжада 2 партия 90дон ашык мандатка ээ болуп, өз максаттарына жетишти. Акыры шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Н.Шайлдабекова өзүнүн сабатсыздыгын ушул жерден даана көрсөттү. Шайлоонун жыйынтыгын “өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу” деген күмөндүү, мыйзамдын бир да нормасына жооп бербеген чечимге кол коюу менен жараксыз деп тапты.
Эгерде Н.Шайлдабекова мыйзамды сыйласа же принциби болсо: “Баардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары тарабынан “Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө КР шайлоо мыйзамынын талаптарын беренесин бузууга жол берилгендиги үчүн” 2020-ж 6-октябрында өткөн ЖКнын депутаттардын шайлоонун жыйынтыгы “жараксыз” деп табылсын”- деген чечим чыгарып, кол коймок. Ал ага бара алган жок. Демек, мыйзамды сыйлабады, өзүнүн принципсиздигин көрсөтүп койду.
Акыркысы, азыркы шайлоодо чыккан чуулгандуу окуяны, БШКнын сайтынан кетирилген техникалык ката катары эсептеп, билдирүү жасоонун өзү жоопкерсиздик. Шайлоонун жыйынтыгы саат 20.00дон кийин АСУдан шайлоого 28,9 пайыз шайлоочу катышты деп жарыялангандан кийин, сбой болду деген шылтоо менен андан аркы жыйынтыгы чыгарылбай  токтоп калса, анан эле кол менен саноонун натыйжасында 33 пайыз шайлоочу катышып жыйынтык чыгарса, муну кандайча түшүндүрө аласыз? Кантип калайык-калкты ынандырасыз?
Деги эле Н.Шайылдабекованын өткөргөн шаңдуу шайлоосу, анын ыры менен чырына тоюнуп бүттүк. Олуттуу жыйынтык чыгаруу талабы турат.

Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл