“- Саясий сойкулуктун чеги болобу?
- Албетте, болбойт.
- Эмне үчүн?
- Анткени, “сасык саясат” деген ошол да. Мисалы: жакында эле парламентаризмдин диктатурасы жеңген Кыргызстанда батышчыл лжедемократтардын жетегинде укугу чектелген, эт менен челдин ортосунда эмгектенип келген, эрксиз, жоопкерчилик деген эмне экенин билбеген, Мамдептин (АКШ) Кыргызстандагы “көмүскө резиденти” Жээнбеков мырзаны улуу инсан Исхак Раззаковго теңеп, “ошол кишидей эл атасы болууга татыктуу” деп, жан-алы калбай сүрөп келген саясат таануучу, эксперт Табылды Акеров мырза - бүгүн, кыргыз коомчулугунун абсолюттук көпчүлүгү (80 %) өз эрки менен шайлап алган, эл тагдырынын жоопкерчилигин толук мойнуна алган Президенттин ишине шек келтирип, “Керек болсо, кайра шайлоолорго да барууга дайын болуш керек” деп каңкуулап, жойпуланып отурганы, пардон, - ашынган саясий сойкулуктун классикалык үлгүсү эмей эмне?”. ( “Жаңы Ордо”, 3-декабрь 2021-ж.). Мындай “талант”, албетте, ар кимде эле боло бербейт.
Ага үн кошуп чыккан – Ош-2010 окуясынын “каарман аялы” Р.Отунбаева айым, Ош окуясынын “каарман коргоочусу”(Фурхат тараптан мылтыктын үнүн угуп, вертолетко түшүп качып чыккан) И.Исаков мырза, “эми башы менен таш сүзгүлөсө дагы, эч ким бардыгы таза деп эч кимди ишендире албайт го дейм...” деп колун ушалап, көчүгүн качырып, шыйпалактап турган мурдагы УӨтүн аткаруучу идеологу Э.Каптагаев мырзанын ж.б. ошолорго окшогон ээн ооз, “шкурник”, чыккынчы опузачылардын шайлоону шылтоо кылымыш болуп тынч жаткан элди козутуп жаткан жосунсуз жоруктары, “тфу-тфу”, жолдо калсын дейличи.
Анткени, акылман Чыгыш эли айткандай: “Караван жүрө берет, ал эми ... “ дегендей, кылым карыткан Улуу кыргыз элинин патриот уул-кыздары жана көрөңгөсү күчтүү, акылы терең, пейли кенен, генетикалык коду таза ата-бабаларыбыздын илимдүү-билимдүү урпактары турганда, ар бирибиз өз ордубузда, эл ишеним артып тапшырган өз ишибизди мыйзам ченемдүү, токтоолук жана сабырдуулук менен тез жана так аткара беришибиз керек. Бул биздин Конституциялык укугубуз жана жарандык милдетибиз.
Башка жол жок.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл