Аскар Акаев Кыргызстанда үч-төрт күн болот, андан кийин Москвага кайра учуп кетет. Бул тууралуу Бекболот Талгарбеков "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

Эске салсак, кечээ, 14-декабрда мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келгени белгилүү болгон. Анын келишинин себебин сурап жакын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбековго кайрылганыбызда буларды айтты: 

"Аскар Акаев август айында да Кыргызстанга "Кумтөр" иши боюнча тергөө менен кызматташууга келген. Бирок анда тергөөгө байланышкан иштер толук аяктаганга үлгүрбөй калган. Ошондуктан, экинчи жолу келүүгө туура келди. Бул сапар мекенинде үч-төрт күн болот, анан кайра Москвага кетет. Мен аны абамайдандан тосуп алдым, маанайы абдан жакшы", - деди.