Кыргызстан Камбат-Ата жана башка ГЭСтерди Казакстан, Өзбекстан, Түркия же Россия менен биргелешип куруп, акырында Кыргызстандын менчигинде кала тургандай шарт менен чогуу башкарууга алууга болобу? Бул суроого саясатчы Өмүрбек Абдырахманов жооп берди.
- Кыргызстан жана анын коңшулары бизнести биргеликте башкарууну билбейт. Анын үстүнө алардын ашыкча акчасы да жок. Ошондуктан, биргеликте ГЭС куруу "Көкөтөйдүн ашы - көп чырдын башы" болуп калат. Же "Кумтөр" менен болгон окуя кайра кайталанат.
Коңшулар менен достук мамилени кармануу керек, бирок кучакташып жана жалпы чарбаны жүргүзүүгө болбойт. ГЭСке өзүбүз кожоюн болгонубуз жакшы, насыя каражаттарды тартуу керек, мисалы Кытайдан...