Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 122

Парламенттин жыйынында депутат Аманкул Токтомамбетов спикерден Бакытбек Жетигенов боюнча комиссиянын корутундусун чыгарышы керек болгон Канат Исаевди таап берүүнү суранды.

- Канат Исаев кайда? – деп сурады парламентарий. - Анын комиссиясы кайда? Кечээ ал маселени кароону бүтүрүп, бүгүн жыйынга алып чыгаарын билдирген. Спикерден Канат Исаевди таап берүүнү суранам. Комиссия чогултуп корутундусун чыгарсын. Кыргыз элине сөз берген.

Анын кесиптеши Евгения Строкова бул маселени объективдүү кароо үчүн комиссиянын курамына дагы бир нече депутаттарды киргизүүнү сунуштады.

«Ал жерге Айсулуу Мамашованы, Мирлан Жээнчороевди, Каныбек Иманалиевди кошсо болот», - деди ал. - Булар бул маселеге компетенттүү мамиле кыла алган адамдар.

Булак: vesti.kg