Бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин «Өүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Манас Абдыллабек уулу Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Миргазы Исаковго карата чара көрүү маселесин көтөрүп, керек болсо кызматтан алууну талап кылды.
БШКнын депутаттары Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэрлерди комиссияга чакырбоо боюнча Бишкек шаардык кеңешине жазган катын талкуулап жатышат. Катка Миргазы Исаков кол койгон. Ал өзү бүгүнкү жыйынга келген эмес.
«Эгерде сиздер чара көрбөсөңүздөр, биз Конституцияга ылайык, өз ыйгарым укуктарыбыздын негизинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрөбүз», - деди Абдыллабек уулу.
Анын айтымында, сессиянын күн тартибинде 9 маселе бар. «Биз бул саботаж («тоготпоо») маселесин чечмейинче, сессиянын маселелерин бекитпөөнү сунуштайм», - деди ал.
Булак: Баракелде