- Өмүрбек Текебаевге кол салууну кимдер уюштурушу мүмкүн?
- Бул провокация болушу да мүмкүн. “Адамдын амалы кырк эшекке жүк” деп бекер айтылбаса керек. Ары-бери түртүшкөндөн кийин Текебаев муш жебей эле таза эле кирип кеткени видеодон көрүнүп турат. Бирок кийин оозу канап, эрди кызарып, төшүнө суу төгүлүп калыптыр. Эми органдар текшеришээр, ошондо көрөбүз да. Эгер чындап эле кол салууга аракет болсо, анда туура эмес. Негизи элге азыр тынчтык керек. “Бокту чапсаң ого бетер сасыйт”,- деген сөздү унутпашыбыз керек.
- Текебаев “террор”- деди. Марат Иманкулов “чагымчылдар уюштурду” деген ойду айтууда. Кимисинин пикири реалдуу? Мындай окуялар неге шайлоонун фонунда уланды?
- Текебаев албетте көбүртүп, жабыртып айтаары бышык да. Менин "провокация болушу мүмкүн” дегеним М.Иманкуловдун оюна үндөшүп тургандай. Эми тергөө деле татаалга турбайт болушу керек. Тиги балдар ачык эле жүргөнсүйт го. Окуяда башка видеолор дагы чыгаар. “Эки-үч машина менен келишти”,- дейт, аларды такташ жеңил эле го...