- 28-ноябрда өткөн шайлоодо мурдагыдай массалык түрдө добуш сатып алуу болгон эмес. Мага элдер байланышып, тастыкташты. Бул тууралуу бир нече гана билдирүүлөр болгон, бирок 2020-жылдын октябрына караганда бир топ тынчыраак жана таза өттү. Бул менин эсимде калган эң таза шайлоо болду деп ойлойм. Болгону, Борбордук шайлоо комиссиясы сайттын иштебей калышына жол берип, жарандардын ишенимине шек келтирди. БШК шайлоодо көп нааразычылыктарды жаратып жаткан нерсеге барбашы керек болчу. Биз, жарандар, аларга добушубузду ишенип берип жатабыз. Алар болсо ушундай ката кетиришти.