УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ат-Башы районундагы коопсуздук кызматынын жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып, коомду башаламандыкка түрткүсү келген айрым саясатчылар тууралуу пикирин билдирди.
“Кечээ күнү бир талапкер “мөөнөтсүз президенттик шайлоого даярдангыла, мен президенттикке талапкерлигимди коем” – деп айтып жатат. Мына, булардын психологиясы, буларга тез-тез революция болуп турса, өлкөдө стабилдүүлүк болбосо, бийлик алмаша берсе, өзү бийликке жетсе эле болду. Мындан ары Кыргыз мамлекетинде эч кандай революция болбойт, баары мыйзам чегинде, элдин эрки менен чечилет. Революция жасап жиберебиз деп жаткандар, буга чейин бийликте туруп кеткендер, кудум эле азыркы бийликке экономикасы өнүккөн укмуштуудай күчтүү өлкөнү белек кылышкандай сүйлөшөт. Биз күчтүү мамлекетти түптөйлү деп аракет кылып жатабыз. Биз иштеген убакта мамлекетти күчтөндүрүп, өнүктүрүп алалы деген чоң максатыбыз бар. Ошол максатка жетиш үчүн элди туура эмес багытка бурган айрым саясатчылардын аракетин эл өзү да токтотушу керек. Парламенттик шайлоодон кийин элди көчөгө чыгара турган себеп жок. Мамлекет баарына бирдей шарт түзүп берсе, коррупцияны токтотуп жатса, уурдабаса, тууган-уругун кызматка алып келбесе, бир гана чуркап, жанталашып өлкө кызыкчылыгы үчүн иштеп жатса, революцияга кайдагы себеп?!” – деди Камчыбек Ташиев.