Бизде адатта шайлоодон кийин орун алчу бир “оору” бар. Буга чейинки шайлоолордо ага көп эле күбө болуп келдик. Жетиштүү добуш албай калган, депутаттык мандаттан куржалак калышкан партиялар, талапкерлер шайлоонун таза эмес өткөнүн, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, нааразы болуп чыгышат. Өздөрүнүн жеңилүү ызаларын жалпы элге таңуулап, шайлоону жокко чыгаруу менен катар бийликтин отставкасын талап кылганга чейин барышат. Бир жагынан алганда мындай көрүнүштөрдүн мыйзам ченемдүүлүгү да бар. Анткени, буга дейре шайлоолор добуштарды сатып алуулар, бюллетендерди массалык таштоолор, карусель ж.б. ушул сыяктуу шайлоонун шайтан оюндары менен коштолуп, бул нерсе көпчүлүктө ишенбөөчүлүктөрдү жаратып келгендиги жалган эмес. Бирок бул жолку шайлоонун жыйынтыгы менен андай нааразылыктарды билдирүү канчалык туура, негиздүү болот? Дегеле 28-ноябрдагы шайлоодон кийин партияларга “шайлоо таза эмес өттү, добуштар сатылып алынды, админресурс колдонулду....” деген сыяктуу күнөөлөрдү коюп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууга себеп болушу мүмкүнбү?
Мындай суроолорду коюп жатканыбыздын да жөнү бар. Калыстык үчүн айталы, салыштырмалуу түрдө алдыдагы шайлоо мурдагылардан дээрлик таза, ачык-айкын өткөнү турат. Үгүт иштеринин жүргүзүү тартибинин жаңы эрежеси партиялардын финансылык, саясий ресурстарына карабай баарын бирдей кылды. Капчыгы калың партиялар мурдагыдай ырчы-чоорчуларды жалдап, стадионго элди толтуруп, аларга бекер концерт коюп, аларды добуш берүүгө чакыра алышкан жок. Берилген добуштар автоматтык түрдө эсептелинип, саналуу сааттардан кийин эле жыйынтыгы жарыяланат. Админресурстарды пайдаланууга президент тарабынан катуу тапшырма берилип, жергиликтүү бийлик башчылары, кызмат адамдары шайлоо иштерине кийлигишпеди. Добуштарды сатып алуу аракеттерине дароо чаралар көрүлүп, бир талапкер ошондон улам оюндан четтетилди. Ар бир партия эл менен жолугушууларды өткөрүп, бюллетенин таратып, максат, программаларын айтып үгүт иштерин жүргүздү. Бул өңүттөн алганда, эч бир партия артыкчылыкка ээ болгон жок. Буга чейин мындай болгон эмес. Демек, 28-ноябрдагы шайлоонун таза эмес өткөнү тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Бул партиялар менен талаперлер өздөрүнүн үгүт иштерине, программаларына, шайлоочуларды ынандырып, көңүлдөрүнө илине алгандарына жараша добуштарды алышат дегенди билдирет. Жеңишке жетерине ишенип тургандарына карабай жетиштүү добуштарды албай калса, ага эч ким күнөөлүү эмес, өздөрүнүн дараметине, салмактарына жараша элдин берген добуштарын алышты. Ал үчүн жер тепкилеп, шайлоонун таза эмес өткөнүн айтып, долуланып, нааразы болуу туура эмес.
Албетте, ар бир партия өзүнүн жеңишке жетүүсүн каалайт. Андай болбосо шайлоого катышуунун кандай кажети болот. Партиялардын рейтингдерин аныктагандар өздөрү ылым санаган, колдогон партияларды фавориттердин катарына киргизгилери келишет. Ошол себептен бизде бир канча рейтинг дараметтер түзүлүп, аларда партиялардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрү ар кандай болууда. Бирок баарында эң көп добушту “Ата Журт Кыргызстан” партиясы алары белгиленип жатат. Сыягы, бул партиянын эл арасында жакшы кабыл алынып, аймактарда зор колдоого ээ болуп жатканынан улам болуп жатат окшойт. Ал эми калган партиялардын рейтингдеги тизмелери кандайча орун аларын азырынча так айтуу кыйынга турууда. Аны шайлоонун жыйынтыгы гана көрсөтөт. Ар кандай болушу мүмкүн, ошон үчүн шайлоо. Балким көпчүлүк маани бербеген партия алдыга чыгат, балким жеңишке жетишет деген париялар босоголук чекти өтө албай калышат.
Канткен күндө да шайлоонун жыйынтыгы менен жеңишке жетишкендер шайлоочулар алдындагы жоопкерчиликтерин сезишсе, жеңбей калгандар жеке дымактарын, ызаларын, ичкүптүлөрүн өлкөнүн туруктуулугунан, элдин тынчтыгынан жогору койбой, татыктуу жеңиле билишсе дегибиз келет. Жеңгендерди эл көтөрсө, жеңилгендерди жер көтөрөт...