Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1350

Өмүрбек Текебаевдин, анын «Ата Мекен» партиясынын кыргыз саясатындагы орду эбак бүтүп, жаназасын окуй берсе боло турган абалга кептелгенине көп болду. Бирок аны башкы атамекенчи эле эч моюнга алгысы келбей койду. Жогорку Кеңештин 5,6-чакырылыштарына болгон шайлоодо «Ата Мекен» партиясы шайлоочулардын жетиштүү колдоосуна ээ болгон эмес. Атамбаев бийлигинен пайдаланып «Ата Мекенге» бир канча депутаттык мандаттарды ыраа көрүп, «кулагынан чоюп» эле Жогорку Кеңешке «өткөрүп» койгону белгилүү. Анысына ыраазы болгон Текебаев кийин Жогорку Кеңештеги Атамбаевдин «союлуна» айланып, далай эле керегине жарагандыгы кечээги эле тарыхый чындык.

Ал эми өткөн 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоо ата-мекенчилердин саясаттагы абалын ачык, даана көрсөттү. Босоголук чектен өткөнгө керектүү добуш ала алган жок. Ошондо «Ата Мекендин» тизмеси менен депутаттык мандатка жетишүүнү эңсеген бир катар талапкерлер бул шайлоодо башка партиялар менен катышууда. Айласы кеткен Текебаев аргасыз жаштарды, саясатта орду, салмагы жокторду партиясына киргизип алып, шайлоого катышууга аргасыз болду.

Бул жолку шайлоодо деле өзүнүн, партиясынын акыбалы жакшы эместигин эң жакшы түшүнүп турат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынан сыртта кала турганын эмитен аңдаган Текебаев жылкы теппей, жылан чакпай, «кезексиз президенттик шайлоого даярдангыла, мен талапкерлигимди коём» деп жар салды. Түшүнгөн адамга бул анын аргасыздан жасаган саясий жүрүшү. Ушундай «саясий ход» аркылуу Текебаевдин бийлик башындагыларга «мен парламентте болушум керек, болбой калсам ызы-чуу салам, бийлигиңерге коркунуч келтирем» деген опуза – ишаараты. Образдуу айтканда, текелигине салып «сүзгүлөп» кирди. Сыягы, ушинтип опузалап, коркутуп кирсем, бийлик коркуп кетип бир канча мандатты ыраа көрүп ийет деп ойлойт окшойт. Атамбаев катары менен мандаттарды ыраа көрө берип, Текебаев ага көнө түшкөн да. Болбосо, «кезексиз президенттик шайлоо болушу мүмкүн» дегенин кандай түшүнүүгө болот? Муну орустарда «желаемое за действительное» деп коёт. Тагыраак айтканда, эгосу жанга тынчтык бербей, шайлоодон кийин ызы-чуу болуп, өткөн жылдагы окуя кайталанып, шайлоо жокко чыгарылып, кайрадан президенттик шайлоо орун алып, ага катышсам деген бузуку, арам кыялы, каалоосу… Муну менен Текебаев өлкөдөгү тынчтыкты, туруктуулукту уруп ойнобогон, элдин биримдигинен өзүнүн меркантилдик, саясий кызыкчылыктарын жогору койгон адам экенин дагы бир жолу көрсөттү. Болбосо, президенттин саясий эрки, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилүү аркылуу таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлүүдө. Буга чейинкилерден айырмаланып, бардык партиялардын абалдары бирдей. Добуштарды сатып алуу көрүнүштөрүнө катуу бөгөт коюлуп, админресурстарга каршы кескин чаралар көрүлүүдө.

Анан да президенттик шайлоого катышам дегенине жол болсун! Текебаевдин президенттикке түбөлүк талапкер экендиги жаңылык деле эмес. Президенттик шайлоого кимдер гана катышпайт бизде… Бирок катышканы менен элдин колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетише алабы? Албетте, жок! Коомчулук, шайлоочулар Текебаевдин ким экенин, чыныгы жүзүн жакшы билип бүтүштү. Болгону өзү гана саясаттагы «төрүнөн» «көрү» жакындап калганын түшүнгүсү келбей койду.

«Ата Мекендин» акыбалы чындап эле чатак экенин ушундан билели, айласы кеткенде азчылыкты түзгөн ЛГБТчларды колдоп, аларды үгүт иштерине тартып, мындай жол менен азчылыкты түзгөн шайлоочулардын добуштарына ээ болууга жандалбас кылып жатат. Партиясынын жеңишке жетерине ишеними чоң болсо, азчылыкты колдоого алып, ошол эле мезгилде басымдуу көпчүлүктүн кыжырына тийип, ирээнжитүүгө эмне күч келди? Эптеп мандатка жетүү, саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн улуттук баалуулуктарга каршы чыгуудан, көпчүлүктүн көөнүнө тийүүдөн артка кайтпаган адамдан жакшылык күтүүгө болобу? Мындай адам өлкө, эл үчүн коркунучтуу жана кооптуу. Кызык, Текебаевди кумир, идеал тутуп, жанында жандап, колдоп жүргөндөр шебинин мындай жүрүштөрүнө не дешет? Же алар Текебаев жаткыла десе жатып, тургула десе турушабы?

Фейсбуктан алынды