"Али мырза, Сиз билесиз, мен Сизди урматтайм, дебат башталганда жакшы эле болуп бара жаткан, кийин Сиз телефонуңузду кечке карап отурдуңуз, жазышып, Сиз жазышып жаткан адам интригаларга гана түртөт, өз башыңыз менен эле эркин өз оюңузду айтсаңыз жакшы болмок, ал кишинин болбогон таарынычын чыгарбай.

Азаттыкта жүрүп мыкты журналисттерине мен суктанчумун: Жанар Акаев, Аида Касымалиева деген. Саясатка киргенде, бирөө физика мугалими Өмүрбек Чиркешевичтин, экинчиси орус тил мугалими Сооронбай Шариповичтин кеңештерине көп ишенип калышты, кийин өкүнүштү. Сиз болсо экөөнөн тең сабак алып жүргөндөй сүйлөдүңүз.

Мен ошол жактан да бир топ жолу айттым, эмне кереги бар урушуп-талашып деп, бүт суроолорго мен эч кимди аралаштырбай так жооп берип жаткам, өзү баштады, берилген суроого өзүнө жараша жооп бербей, Сапар Исаков жөнүндө туура эмес, каралоо айтып, ошенткенде да мен айткан жокмун го, стереотипке салып, силер мародёрсуңар деп, кийин кайра баштады «Матраимовдор чыккан»,- деп.

Мен да жооп бердим: "Ата-Мекенден" чыкты го бүгүнкү МВД министри Улан Ниязбеков, "Ата-Мекенден" го Матраимовдун башкы адвокаты Шайлообек Атазов, "Ата-Мекенден" го Жапаровдун кудалары Түмөнбаевдер миллиарддаган сомго тендер-гейтке аралашкан, жакында эле кызматтан алынган.

Катуурак тийип калса, кечириңиз! Бирок Сиз сот системасы менен органдарды өтө мактадыңыз, алардын чечимдерин үлгү катары айтып, ошолорго таяндыңыз, бирок эл билет алардын баары саясий буйруктарга гана макул болоорун", - деп жазды Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына.

Эске салсак, парламенттик шайлоо алдындагы дебатта Али Токтакунов менен Темирлан Султанбеков бири Атамбаевдин, экинчиси Текебаевдин таламын талашкан.