Алмазым деп колун жалап өпкөндөр,
Алты жүзгө «аттиш» алып көпкөндөр,
Алыс-жакын коңшуларга жоо болуп,
Ала-Тоонун бүт абийирин төккөндөр,
Асылбектин атын угуп чуу түштү,
Ак үйү жок, аккан сууга чөккөндөр...
Өмүкем деп колун шимип өпкөндөр,
Өпкөлөнүп өйдө сүйлөп көпкөндөр,
Өлбөйт экен курун чечкен уяттан,
Өлкө менен өз намысын төккөндөр,
Өсөөр уулдун атын угуп чуу түштү,
Өрдөк болуп теке менен өткөндөр.
Алмазбектин уулун көрсө унчукпай,
Айгай салды Асылбектен сөз болсо.
Абийир болмок Бакиевдер келишип,
Ажобузга кеңеш айтып көз болсо! -
деп кечээки Асылбек Салиев жөнүндө жазылган пикиримден кийин мага кээ бир группаларда ушундай бети жок сөздөр менен сүйүүлөрүн арнап жатышкан атамбаевчи, текебаевчи Джульетталарга арнап кичинекей ыр токуп койдум... ))
Мен эми көп сөз кылбай эле ошол ичтериндеги «трайбализм» деген хронический оорусу күчөп кеткендерге бекем ден-соолук каалап, касиеттүү Жалал-Абад суусун ичип дарыланып келгиле деп айткым келди. Бирок Атамбаевдин эки уулу, туугандары, жансакчылары жарышып шайлоого аттанышса көзүңөргө көр топурак тыгылгандай көрмөксөн болуп, Текебаев баш болуп «Эл көрсүн» демиш болуп бирден уул-кызын ээрчитип алышып эл кыдырып жүргөндөрдү (саясатка даярдап) көрмөксөн болуп анан эле Бакиевдердин ар бир кадамынан жамандык издеп, жөн жүргөн туугандарына, инилерине асылып, кыздык текшерген жеңелердей болуп ар бир партиянын төшөгүнө чейин аңтарып «Бакиевчилерден жокпу?» деп шимшилеп жүргөндөн уялбайсыңарбы бети жоктор! Көрүнгөн партияны Бакиевдер каржылап атат деп каралагандан уялбайсыңарбы бети жоктор! Бакиевдер да Атамбаевдер сыяктуу шайлоого катышууга укуктары бар да? Былтыр болсо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын чогулушунда Бакиевдин инилери, «Бир Болдо» болсо инисинин кызы жүрөт деп көчүгүңөрдүн гемморойу үзүлүп кеткиче бакырдыңар эле... Жалаа жаптыңар эле! Эмне болдуңар? Эми Асылбек Салиев жөнүндө сөз кылсам жаназаңарды окутпай эле кепиниңерди сүйрөп алып көргө качып кирип ажылдап үргөн кандектей каңшылап атасыңар...
Кыскасы дагы бир жолу БАКИЕВДЕРДИН күчтүү үй-бүлө экенин далилдеп бердиңер. Ал эми күчтүү үй-бүлөдөн, мамлекетти гүлдөтө турган күчтүү башкаруучулар чыгат. Мен сөз кылган Асылбек инибиз дагы Кудай буюрса күчтүү ПРЕЗИДЕНТ болот!
Анан Кыргызстанда Бакиевдер шайлоого катышпасын же партия түзбөсүн, мамлекеттик кызматтарда иштебесин деген мыйзам жок! Ошону унутпагыла! Казактар Нурсултан Назарбаевди «Ел басы» деп кадырлашса, биз дагы Курманбек Бакиевди «Эл башчысы» деп кадырлап алышыбыз керек! Бакиевдер чоң ызаат-сый менен өлкөбүзгө келсин деп күтөбүз!
Ал эми менин өз пикирим үчүн сөгөсүңөрбү, каралайсыңарбы, жалаа жабасыңарбы, шылдың кыласыңарбы мага чын жүрөктөн баары бир! Байсалов айтмакчы кылым кыйшайбайт!
Асейин Саралаев