Мурдагы президент Атамбаевдин маалыматтык идеологиясы болуп, шефинин атаандаштарын маалыматтык жактан каралап, боктоо иштерин жүргүзүп келген Фарид Ниязов калыс сөз, конструктивдүү сын айтканга үйрөнө албай койду. Ал үчүн шефи бийликте турса баары жакшы, калгандар бийликте болсо эле баары жаман.
“Президент С. Жапаров менен УКМК төрагасы К. Ташиевдин айткандары аткарылбай жатат, баары артка кетти, өлкөнү башкара албай жатышат, карызга моюндан баттык” деп адатынча “үрүп” чыкты.
Бирок анын айткандары үстүртөн, жалпы сөздөр. Эгерде Фарид мырза билбесе, же билгиси келбесе, бүгүнкү бийликтин тушунда эмне иштер болгонун жана болуп жатканын эсине салып коёлу. Билип алсын! С. Жапаровдун тушунда чек ара маселелерин чечүү конкреттүү түрдө колго алынды, коррупция менен күрөшүү сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болуп, өлкө бюджетине 7 млрд. сом түшүрүлдү, чуулгандуу "Кумтөр" КРнын карамагына алынып, андан түшкөн киреше канадалыктарга эмес, өлкөбүздүн бюджетине түшүп жатат, мамлекеттик бюджеттин эсебинен биринчи жолу 100 млн. долларга заманбап аскердик техникалар сатылып алынып, тышкы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Дагы айта турган болсок, Атамбаевдин тушунда саясий бизнес апогейине жеткен болсо, бүгүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, шайлоочулар партияга эле эмес, конкреттүү талапкерлерге добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Муну менен партиялык тизме менен акча жасоо бизнесине бөгөт коюлду. Пенсия, жөлөк пулдардын көлөмү көбөйтүлүп, өлкө бюджетинин көлөмү келерки жылы 400 млрд. сомго жеткирилгени жатат. Мындай жакшы иштердин тизмесин уланта берсе болот. Буларды Ф. Ниязов баш, калгандары төш болгон атамбаевчилер эле көргүсү келбесе, эл, коомчулук көрүп атат.
Ф. Ниязовдун Кыргызстандын тышкы карызы көбөйүп кеткенин айтканына жол болсун! Тышкы карыздын көлөмү кимдин убагында кескин көбөйүп, алынган кредиттер кантип оң, сол чөнтөккө солонуп кеткенин калыстык үчүн айтып кетсе болмок. Кытай тараптан миллиондогон насыялар өлкөгө таптакыр пайдасыз негиздеги келишимдер менен алынып жатканда каякта эле Ф. Ниязов?
Элибизде айтылгандай, “кербен жүрө берет, ит үрө берет” тура. Айрыкча Фарид Ниязовго окшогондор “үрүп” чыкканда күлөөрүңү же ыйлаарыңы билбейсиң...