Кандай учак менен барса да, жакшы жыйынтык алып келсе болду. Бул тууралуу эксперт Эрнест Карыбеков "Саясат. kg" маалымат порталына президент Садыр Жапаровдун саммитке жеке учак жалдап барганы боюнча пикирин билдирип жатып айтты. 

- Президент жеке учак менен барабы, жөө барабы, айырмасы жок, эң негизгиси  жыйынтык болуш керек. Президентибиз Садыр Жапаров жакшы жыйынтыктар менен келет деп ойлойм. Дүйнө жүзүндө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошол жагын эске алганда өлкө башчыбыз ушундай ири жыйындарга барганы жакшы. Садыр Жапаров эмне кылбасын, кандай транспорт менен жолугушууларга барбасын, кыргыздын, Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн барып жатканын түшүнүшүбүз керек. Президенттин доклады мындан да жакшы жазылса болмок. Ошендой болсо да, дүйнө лидерлери менен жолугуп, ал турсун  кыргыз тилинде сүйлөгөнү кубандырды, - деди Карыбеков.