Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 174

Коррупционер аткаминерлердин айынан Кыргызстандын учактары Европанын стандартына жооп бербей калды. Бул тууралуу экс-депутат Рамазан Дырылдаев "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- 30-жыл Кыргыздын экономикасын өстүрбөй эле жеп - ичип жатышты. Мына, ошол жеп - ичкичтер авиация тармагын да талкалашты. Жыйынтыгында учактарыбыз Европанын стандартына жооп бере албай турган болуп калды. Президент учактар талапка жооп бербеген үчүн жеке учак менен учууга аргасыз болду. Президентин жеке учак менен учканын сындабай, дүйнө лидерлери чогулган жыйынга барып, кыргызча сүйлөп, мөңгүлөрдүн талканганы, тоолор тууралуу маселени көтөргөнүнө ыраазы болушубуз керек. Орто Азиядан жалгыз барса да, бир канча жолугушууларды өткөрүп жатканы жеке учакка корогон каражаттан да пайдалуу болду го. Дүйнөлүк финансы жетекчилер менен бир күндө жолукканы  15 жылда жасай турган ишти бир күндө жасаганга барабар иш болду", - деди Дырылдаев.