- Рамазан агай, партияны жетектеп, саясий интригалардын ордосунда жүргөн Канат Исаев неге шайлоодон баш тартып, катышпоо чечимин кабыл алды?
- Менимче прогнозу болбой калган го. Исаевдин бир топ чуулгандуу иштерде аралашкан деп жазып жүргөнүн окугам. Мисалы, Токмокто мэр болуп турганда кайсы бир иштерге аралаштырып жазышкан. Ошондой эле, агасы тууралуу да түрлүү маалыматтар чыкчу. Аны да бир иштерге байланыштырышып жазышчу. Эл окуп, билип жүргөн да. Мүмкүн ошол кездеги иштери үчүн колдоо таппай калаарына көзү жеткендир. Эмнеси болсо да бийлик шайлоо таза өтөт деп эл алдында убада берип жатат. Мүмкүн ошон үчүн былыгы барлар элдин элегине түшпөй эле коёлу деп жаткандыр. Бийлик таза шайлоо өткөрүүгө катуу киришсе, далай шылуун көрүнгөн шылтоону айтып, четке чыгышы мүмкүн.