- Каныбек агай, бир мандаттуу шайлоого баргандарды азыр эле куттуктап койсок болот! Алар керектүү чоңдор менен сүйлөшүп алышты деген пост жаздыңыз. Күн мурунтан ишти бүткөрүп алгандар кимдер болушу мүмкүн?
- Мен бир мандаттуу шайлоо системасы жөнүндө гана жогорудагы силер суроо берген оюмду айттым эле. Анткени, 36 эле мандат үчүн 300дөн ашуун "азаматтар" ат салышып жиберишти. Алардын арасында эл оозуна алынган 10-15 эле талапкерлер бар экен! Калгандары жалаң "бизнесмендер". Мен ошол бизнесмен болумуштардын өмүр баяндарын колуман келишинче изилдеп көрдүм. Таң калыштуу фактылар айкын болду. Дээрлик бардыгы завод-фабрика ачып же башка бир реалдуу экономикалык ишканаларды түзүп жиберишпептир. Көбүн эсе мамлекеттин ресурстарын акмалап, ошонун эсебинен эле байыган "кайберендер" экен. Ал жөнүндө эл арасында ачык эле сөздөр айтыла баштады. Биздин менталитет белгилүү го. Түз эле айта турган нерсени "кагазга ороп" алып кыйшаңдай беришет. Бирок, ал нерсе шайлоого чейин эле белгилүү болгону турат. Мен ошону айттым. "Азаматтардын" аттарын айкын кыла турган турган күндөргө аз эле калды деп ойлойм! БШК менен эле укук коргоо органдары адаттарынча "ит оюндарын" баштап жиберишпесе!