- Каныбек агай, шайлоо старт алды. Сиздин баамыңызда шайлоо атаандаштыгы бир мандаттуу шайлоо округунан чыккандардын арасында күчтүү болобу же партиялар арасындабы?
- Президент Садыр Жапаров шайлоонун таза өтүшүнө кепил болом деп ачык эле айтып жатат. Ал турсун өзү түзгөн "Мекенчил" партиясына дагы көңүлүн бурбай койду. Элдин катарында бара бергиле дегендей кылды. “Бийлик колдогон партия болбойт”- деди! Бул абдан чоң эрдик! Президент дагы эмне кылыш керек эле? Конституциядагы жазылган нормалардын баарын так аткарып жатат. АКШнын легендарлуу президенти Авраам Линкольндун позициясын кайталап койду. Эми ушундай жагымдуу кырдаалды пайдаланып мен кыйынмын деген партиялар же саясий биримдиктер шайлоого активдүү катышкыла да? Кыйын болсоңор жеңип чыгасыңар! Анан азыртан эле андай-мындай деген шылтооңорду койгула. Эл баарын таразалап коё турган мезгил келди.