Алдыдагы парламенттик шайлоону бир мандаттуу деп айтса болот. Мындай пикирин акын, журналист Калдарбек Койлубайтегин "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- Бул жолку шайлоого кандай баа берип жатасыз?

- Эртеңки шайлоону бир мандаттуу деп түз эле айтып койсо жарашат. Анткени, партиялык дегени жөн эле бир сырткы тондой болуп калбадыбы. Экинчиден, партиялар ушул жүрүшүндө партия дегендин абройун биротоло жоготуп алышты өздөрү байкабай. Каны таза кайсыл партиясы калды экен? Баары бири-бири менен никелешип, кучакташып, өбүшүп... Эң кызыгы, партиялык дегени менен ал жерде деле жеке талапкерге добуш берилгендиктен бир мандаттуудан айырмасы деле жоктой болуп калды.  Болгону, тигилерге караганда биерди бир аз жеңилирээк, кечүүсү  бутуңду жулуп кетпейт.

- Кайсыл партияга ийгилик жылмайышы мүмкүн?

- Бүгүн тиги-бу партияга  артыкчылык берүүгө мүмкүн эмес, баары коёндой окшош.  Катарында баягы-баягы жүздөр, ураан-чакырыктары деле окшош. ”Бүтүн Кыргызстан” партиясы президентти шыбамайдан башка  жаңылыкты деле киргизбейт.  Ошондой болсо да,  "Ата-журт  Кыргызстан", "Улуттар биримдиги", "Ынтымак" партиясы ийгиликке жетиши мүмкүн деген ойдомун.