Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 193


- Качкын агай, бу сапар шайлоо атаандаштыгы бир мандаттууларда күчтүү болобу же партиялар арасында күчтүү болобу?

- Биз биринчи жолу бир мандаттуу шайлоо менен  партиялык тизме менен шайлоону бирге өткөрүп жатабыз. Ошон үчүн ушул шайлоо  бир мандаттуу  округдан шайлоого аттануу  кыйын бекен же  партиялык тизме менен шайлоого катышуу кыйын бекен көрсөтөт. 

- Парламенттик шайлоодон жеңишке жеткендери  мандатка ээ болуп, толук кандуу депутат болгондо көз караштары өзгөрүп кетпейби?

- Сөзсүз өзгөрөт. Анткени, жаңы Конституция боюнча депутаттар да президентке көз каранды болушат. Ошон үчүн   көпчүлүгү президенттин багытына жараша ыңгайлашып, максаттарын өзгөртүшөт. Кыргызстандын эли, президенти, мекени да сыноонун алдында турабыз. Жакынкы эки жылдын ичинде сыноолордон кандай өткөнүбүз, алган багытыбыздын туура, туура эместиги көрүнүп, билинип калат.