- Шайлоого бул сапар да толгон-токой партия аттанды. Бул сапар кайсыл партияга ийгилик жылмаят деп ойлойсуз, мурдагы таасирдүү партиялар жеңишке жетеби же жаңы партиялар маарага биринчи келеби?

- Жаңы түзүлгөн партиялар ийгиликкке жетээрин билбейм. Бирок “Ата Мекен” партиясы тарабынан уюшулган коалиция өтпөйт деп айта алам. Анткени, бул партиянын башында Текебаев турат. Текебаевге жалпы эл ишенбейт.

- Эмнеге ишенбейт?

- Анткени, Текебаевдин 30 жылдан бери жасаган саясатынын айынан Кыргызстан сызга отурган өлкөгө айланды. “Ата Мекен” ийгиликке жетем десе, Текебаевди тизмеге кошпош керек болчу. Алар Текебаевди да тизмеге кошуп, чоң ката кетиришти. Себеби, Текебаевдин сүйлөгөнү менен жасаган иши башка экенин эл көрүп билип калды.

- Анткениңиз менен Өмүрбек Текебаевди идеал тутуп, аны менен санаалаш болгусу келген да жаштар толтура го?

- Жаштар ушундай кишини ээрчигенине чынында  таң калам. Демек, бул партияга коалицияга кошулган жаштар лидерине окшоп жеке өзүнүн амбициясын өлкөнүн, жалпы элдин кызыкчылыгынан жогору дагы 30 жыл коёбуз дегендер десек болот. Негизи принцип, принципиалдуулук өтө кымбат ресурс. Жаштар муну билиши керек. Лидерлерин ээрчип чаң чыгарып, тополоң кылабыз дебей стабилдүүлүктү сактоого, таза шайлоо өткөрүүгө салым кошушу керек.

- Эмне үчүн шайлоого аттанган көп партиядан “Ата Мекенге” токтолуп, Текебаевге басым кылып  жатасыз?

- “Ата Мекен” партиясына токтолуп жатканымдын себеби, “Ата Мекен” партиясы же Текебаев билдирип туруп, социалдык-экономикалык маселелерди чечкенин эч качан көргөн эмесмин. Тескерисинче, “Ата Мекен” партиясынан премьер-министр болгон  Жоомарт Оторбаев 2014- жылы элге электр энергиянын баасын 300 пайыз көтөрүп койгон. Ошондон бери электр энергиясына 2 сом 16 тыйындан төлөп жатабыз. Бул биринчиси.

Экинчиси, Текебаев Атамбаевге эбегейсиз бийликти алып бергенге көмөк көрсөткөн. Аны өзү да айтып жүрөт. Демек, Текебаев жалпы элге, өлкөгө эбегейсиз зыян келтирген. Мындай адамдарды эч ким ээрчибеши керек. Ошон үчүн Текебаевге басым коюп жатам. Тагыраагы, Текебаевдин мамлекетке пайдасынан зыяны көп болду. Ошон үчүн шайлоодо туура тандоо жасашыбыз керек.

- Эмнеге экономикабыз аксап жатат? Кадрлар туура тандалбай жатабы же сиз айткандай өндүрүш контурун түзө албаганыбыздын кесепетин тартып жатабызбы?

-  Негизи өкмөткө жарым-жартылай, псевдоэкономистер эмес, консерваторлор келиши керек. Ошондой эле Кыргызстан өзүнүн экономикалык өндүрүш контурун түзүшү керек. Биз 30 жыл эгемендүү өлкөгө деп жарыяласак да, илгерки көзкаранды СССР дин экономикалык өндүрүш контурун өзгөрткөн жокпуз. Көз карандысыз экономикабызды түзүшүбүз керек болчу. Мисалы, Кара-Кече ТЭСтин куруп койгонубузда биз миллиарддаган долларды башка өлкөлөрдүн экономикасына жибербей, өзүбүздүн экономикалык өндүрүш контурун түзмөкпүз. Ал каражаттарды өзүбүздүн экономиканы көтөрүүгө салмакпыз. Азыр, Кыргызстан зарыл маселелерин чечүү үчүн башка жактан электр энергиясын алып, башка өлкөлөрдүн экономикасына иштеп жатат.

Баса, 2006-жылы «Кара-Кече» ТЭС экономиканы жаңы моделге өткөрө турган базалык долбоор болот деп демилге көтөрүп, өкмөт токтом чыгарган. «Кыргызстан суунун башында болуп, бай мамлекет болот, Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн канчага түшүрүү керектигин Кыргызстан чечип калат» деп жогору жактагылардын баарын ынандыргам.

Анткени, мен айткан долбоор ишке кирсе, азыркыдай Токтогулдан суу бекер кетпей калат.  Сууну Кыргызстан регулировка кылып баштайт. Электр энергиясы төрт эсе көп өнөт. Энергоресурс өзүбүздөн чыгып, миллиарддаган доллар Кыргызстанда калат.

Кудай буюруп, ошол долбоорду ишке ашырсак, жаңы экономикалык өндүрүш контурун түзөбүз. Мамлекетибиз өнүгүп, башка мамлекеттерге көз карандылык жоголот.

Булак: “Майдан. kg” гезити