- Нарынбек Молдобаевич, өлкөнүн экономикалык абалын сынга албаган талапкер бул шайлоодо жок болсо керек. Министрлер кабинети актануу иретинде эл аралык тенденцияны бетке кармап жатышат. Сиз кызматтан түшкөн Улукбек Мариповдун ордунда болсоңуз, ишиңизди сынга алгандарга кандай жооп кайтарат элеңиз?
- Улукбек Мариповдун ордунда болгондон Кудай сактасын, болбой эле коёюн. Болгум да келбейт. Чынында өлкөдө абал оор. Экономикабыз кризиске батып турат. Анын бир топ себептери бар. Эң негизгиси дүйнө жүзүн каптаган коронавирустун кесепети десек болот. Анткени, илдет жайылганда көп мамлекеттер чек араларын жаап, байланышты токтотту. Ошон үчүн товарлар келбей, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүнүн көпчүлүк мамлекеттеринде кымбатчылык орун алды. Товар алып жаткан Кытайдан дагы баштагыдай товар келбей, чектөөлөрдөн улам машиналар өтпөй калды. Кыскасы, мына ушундай кыйынчылыктардан улам экономикабыз аксады. Кудайга шүгүр, дагы алтыныбыз бар экен. Сырткы карыздарга жана өзүбүзгө жетип, мамлекетти саздан чыгарууга салым кошот деп ниет кылып жатам.
- Баса, шайлоого аттанган бир топ партиялар шайлоонун таза өтүшүнө ишеничтери бар экенин айтышты. Бул сапар шайлоо президент айткандай таза, мыйзам бузууларсыз өтөбү?
- Шайлоого аттанган партиялардын ичинде күчтүүсү да, күчү жогу да, каражаты бары да, каражаты жоктору да бар экен. Аны баарыбыз көрүп турабыз. Анча-мынча партиялардын тизмеси жарыяланды. Тизмеге мыктылар да, элдин кыжырын кайнаткан кишилер да кошулуп алганын көрдүк. Кимисин шайлайт эл өзү билет. Багы бары өтөт. Бирок жаманын шайлап алып, парламентке баягылар эле келди десе, эл өзү күнөөлүү болот. Ошон үчүн жакшысын, билимдүүсүн, ички-тышкы саясатты ажырата билгенин, экономикадан түшүнүгү барын, эл үчүн иштей турган жүрөгү таза, иштин көзүн тапкан профессионал, тажрыйбалуусун шайлашы керек. Ошондо гана кесипкөй парламентти түзө алабыз.
Буюрса, биринчи жолу шайлоого административдик ресурс колдонулбайт деп айтылып жатат. Жогору жактан буйрук берилбегени үчүн министрлер чуулдап, айылдарына барбай, жетекчилер өздөрүнүн кызматкерлерине буйрук бербей тынч отурушат. Бул жагын эске алсак, административдик ресурс колдонулбайт дегенге ишенсек болот. Жалпысынан шайлоо таза өтөт же өтпөйт деп айтыш кыйын. Анткени, таза шайлоо өткөрүүгө умтулганыбыз менен шайлоодо талапкерлерден акча үмүт эткен эски калдыктар дагы бар. Кимиси акча берээр экен деген кишилер да жок эмес. Анткени, биринчи президентибиз “талапкерлердин акчаларын ала бергиле, каалаганыңарга сала бергиле” деп айтып, элди бузуп алган. Эми акча алгандар, бергендер бир заматта эле токтоп калбаса керек. Бирок ошентсе да, таза шайлоого биринчи кадамдар ташталды. Буюрса, ушул шайлоо көп нерсени ачыктайт. Жаман адаттардан шайлоо сайын арылсак, кийинки шайлоолор бир топ таза өтөт деп ойлойм.
Сапаттуу элге таасири бар, акыл- эси ордунда, мамлекеттердин, шаарлардын аттарын так айта алган, түндүк менен түштүктүн айырмасын түшүндүрүп бере алган депутаттар келсе, парламент менен элдин ортосундагы ажырым жоюлмак деп ойлойм. Жаңы келген парламентке алтынчы чакырылыштын депутаттарындай жаман ат коюлбайт эле. Менимче, мурунку парламентти эл жакшы көрбөгөнү үчүн жийиркеничтүү ат коюлду. Мен жаңы келген парламент жогорку деңгээлдеги эл үчүн иштеп берген, түшүнүгү кең, ою таза парламент болсо экен деп тилек кылып жатам.
- Ишке киришкенине бир жыл болгон бийлик кандай иштеди? Эмне өзгөрдү?
- Бийлик алмашканына туура бир жыл болду. Эгер бийлик жакшы иштебегенде мында да оор күнгө кептелмекпиз. Айлык акы, пенсия, пособие төлөнбөй калмак. Бийликтегилердин аракетинен улам айлыктар өз убагында берилип, пенсия, пособиелер төлөнүп жатат. Ал турсун бир топ тармактын айлык акылары 40 пайызга чейин жогорулады. Пенсия көбөйдү. Ошолордун баары эмненин эсебинен көтөрүп жатканына чыны менен таң калып жатам. Мен ойлойм бул да өзүнчө жеңиш болду деп. Бирок кытай чек арасын жарытылуу ачпаса дагы, анча байкалбаганы менен элибиз өз турмушун өзү өткөрүп жатат. Элдин жана жогору жактагылардын аракетинен улам кыйынчылыкка кептелбей чыгып кеткенибизге баа берем.
Булак: “Майдан. kg” гезити