Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1509

Жакында биздин бешинчи президентибиз Садыр Жапаров Курултайдын ордуна Кыргызстанда аккредитация болгон бардык ММКлардын журналисттерине жыйын өткөрдү.

Менин көз карашымда, ар биринде 50 миңден кем эмес подписчиктери бар блогерлерди кошсо, мыкты сапаттуу Курултай жаралат жана мында велосипед ойлоп табуунун да кереги жок болот.

Конституция кабыл алынган өлкөлөрдө биздин президенттей эле журналисттерди акыл үйрөтүүгө, жакындарын мактап, алыстарын жемелегенге чогултуп турушат эмеспи.

Менин оюмча, ага карабастан биздин президент коомубузда 30 жыл ичинде иштелип чыккан драмалык демократиялык сөз эркиндигинин принциптерин сактоону чечти.

Бул отчету менен ал элди Бешинчи Кыргыз Республикасын биргеликте курууга чакырды.

Аны менен чогуу бийликке досу жана багытташы Камчыбек Ташиев келди. Анын ишмердүүлүгүн талдап көргөндө, Ташиев өзүнүн, жумшак айтканда, жеңил эмес миссиясында Аристотелдин философиялык пайдубалын колдонууда: “Платон менин досум, бирок чындык андан бийик”. Буга анын кылмыш жоопкерчилигине кимдерди тартканын карап көрүп эле ынансак болот. Азыр кармалгандардын арасында аны менен достошуп, тойлордо чогуу болуп, бир имаратта иштеп жүргөндөр да бар. Мисалга Бабановду, Сариевди, Жээнбековду, Пирматовду, Узакбаевди, Сарпашевди ж.б.ларды алсак болот.  

ММКда президент менен УКМКнын башчысынын ортосунан кара мышык чуркап кеткени тууралуу маалыматтар, божомолдор байма бай жарыяланууда. Бирок менин билишимче, алардын достугуна пикирлеринин кайчы чыгышы себеп болду жана карама-каршылыктар алардын достугунун пайдубалы. Бул Гегелдин диалектисине толук дал келет. Бизде көп жылдык саясий жана жеке достуктун үлгүсү бар, ал достук кайчы пикирсиз, карама каршылыксыз уланып келген, алар – Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков. Ал экөө мамиледе эч бир ыр-чыры жок келип эле, ортолорунда биринчи келишпестик жаралганда эле катастрофа пайда болду!

 Мен Жапаров менен Ташиевдин көз караштарынын туура келбей калганы тууралуу маалыматтарга жана фэйктерге таң калуунун кереги жок деп ойлойм. Тескерисинче, эгер алардын мамилеси дайыма бир калыпта кетип, бирдей көз карашты кармангандарынан чоочулоо керек, так ушунда катастрофа кайталанышы мүмкүн.

 

Политолог Бакыт Бакетаев