- Каныбек агай, президенттин пресс-конференциясынын мурдагы президенттердикинен айрымаландыбы?
- Президент Садыр Жапаровдун акыркы пресс-конференциясы мага жакты. Абдан жакшы даярдалыптыр. Анткени, президент кыргызстандык жана чет элдик ММКнын өкүлдөрү менен катар эле, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалдары жөнүндө жалпы Кыргызстан элине кайрылды. Мурдагы эки президенттин дегеле элге кайрылгандарына зар болбодук беле? Коомдук-саясий абал жаатында 2020-жылдагы октябрь айындагы булганычтык менен өткөн парламенттик шайлоону эл кабыл албай койгонун белгилеп койгону жакшы болду. Муну президенттик баа деп койсок болот. Буга чейин ачык айтыла элек болчу. Чукул убакытта коомду стабилдештирүүгө жетишкендик дагы белгиленди. Анан албетте, 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоо менен референдумдун дагы орду белгиленди. 11-апрелдеги жаңы Конституцияны кабыл алганыбыз дагы зор ийгилик болду. Баарынан маанилүүсү элдин экономиканы көтөрүүгө болгон активдүүлүгү дагы үмүттөндүрөт. "Кумтөр" кени баш болгон кен-байлыктарга элди ээ кылуу - чынында чоң аракет. Мага ушул жакты. Албетте, түйшүктөр өтө эле көп. Бири-бирибизди мактап отура турган заман эмес. Алдыда көп проблемалар бар. Бирок баарыбыз жапа-тырмак аракет кыла турган мезгил келди. Президент ушуга катуу басым жасады. Ал кишинин чечкиндүү сүйлөгөнү бул сапар мага жакты. Кырдаалга жараша адекваттуу иш алып барууга бел байлап киришкендей. Бул албетте, эң сонун. Эми арамзалык кылган кадрлардан арылып иш баштаса, сөзсүз ийгилик болот. Жаңы Министрлер Кабинетинен дагы үмүт этип туралы! Бир топ күчтүү адистердин келе баштаганы мени кубандырды! Эми убакыт өз баасын берет! Элдин үмүтү өчпөсүн деген эле тилек!