Бул сапар парламенттик шайлоо таза өтөөрү ишенимдүү болуп калды. Мындай пикирин эксперт Эрнест Карыбеков "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

Эксперт "Спикер Талант Мамытовду БШК талапкер катары каттабай койгону таза шайлоо өтөт дегенден кабар береби?" - деген суроого жооп берди.

- Буюрса, таза шайлоо өтөт. Буга бардык жагынан шарт түзүлдү. Президент Садыр Жапаров да бул жагынан катуу туруп, эч бир партияга жан тартпай таза шайлоо өткөргөнгө жан үрөп жатат. Штабды башкарган  Марат Иманкулов  шайлоону таза өткөрөбүз деп кепилдик берди. Буюрса, элдин талабы аткарылып жатат, - деди ал.