Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 366

Президент Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо таза өтөт деген убадасы аткарыла баштаганы Талант Мамытовдун окуясы аркылуу билинди. Мындай пикирин экс-депутат Эсенгул Исаков "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди.

- Эсенгул агай, Талант Мамытовду БШК талапкер катары каттабай койгону таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер башталганын далилдейби?

- Талант  Мамытовду каттабай койгону президенттин айткан сөздөрүнүн аткарылышы десек  болот. Таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер катуу башталганы  үчүн   спикерди да БШК талапкер катары каттабай койду. Чынында спикер деген мамлекетте экинчи  чоң кызмат да. Кызматынан пайдаланбасын деп БШК бул жолу таасирдүү кызматта турганына карабай каттаган жок. Таза шайлоо өткөрөбүз деген ураандын негизинде бул жагы  туура эле болду.

- Талант Мамытов кызматына тапшырбай шайлоого аттанса болбосун билген эмеспи?

- Мурда кызматын убактылуу токтотуп шайлоого бара беришчү. Талант Мамытов да кызматын убактылуу токтотуп шайлоого барсам болот деп ойлосо керек да. Анткени, административдик кызмат деген мыйзамга кызматын убактылуу токтотуп шайлоого бара берсе болот жазылып калган. Жогорку Кеңештеги депутаттар сыяктуу  Талант Мамытов да талапкер боло берсем болот деген окшойт. Бирок ал спикерликти өткөрбөгөнү үчүн аны каттабай коюшту. Себеби,  кызматынан кыйыр болсо да пайдаланып, таза шайлоого зыяны тийет дешти. Анткени, бийликтин башындагы экинчи адам болгондугуна байланыштуу кызматын тапшырбай шайлоого аттанганы таза шайлоо өткөрөм деген  президенттин имиджине көлөкө түшүрмөк. Таза шайлоо өткөрөм деди эле спикер кызматына өткөрбөй шайлоого аттанды деп айткандар чекеден чыкмак. Бул жагынан  туура эле болду. Эми таза шайлоого шек келтирген акимдерди кызматтан алса, анда башка акимдерге сабак болот. Андан тышкары таш түшүрүп, бирдемелерди жасап берем деген дагы талапкерлерге партиядан, бир мандаттуу округдан чыгып жатканына карабай чара көрүп,  тыйып койсо эле токтоп калышат. Эл дагы жоопкерчилигин сезип, добуш сатпай  калат.