"Кечээги эле тарыхыбыздан бир сабак...

Президент Атамбаевди алгачкы жылдары коомдо колдоо күчтүү болчу, элди үмүт жетелеп, ага ишеним артып калган, эмне деп айтса дагы эп болуп турган... Арадан айлар өтүп кай бир катмарлардын маанайы сууп, күбүр-шыбыр кептер айтылып, нааразычылык күчөй баштаган, бул толкундун шары биринчи кезекте кыргыз гезиттерине чагылдырылып, социалдык түйүндөрдө талдана баштаган. Мына ошол учурда айтылган, жазылган маалыматтарды окуп, талдап, алардан маани чыгарып, кырдаалды оңдоону карай чара көрүүнүн ордуна тегерегиндегилер тетирисинче "кыргыз гезиттер жаза беришет, социалдык түйүндөр бүт эле фейк же таарынгандар, аларды окуп деле кереги жок... алардын таасири деле жок..."- деп аны ынандырып, а түгүл өзү дагы "мен кыргыз гезиттерин окубайм" - деп балп эткени бар... Ушул жолго түшүүнүн өзү чоң ката болгон... Коомдук пикирди чагылдырып турган каналдарга көңүл бурбай коюуга болбойт, "башты кумга катып алуу" натуура иш... Айтылган сөзгө, жазылган макалага бийлик тырчыбашы керек, тетиричинче ошол кайчы пикир жазып же айтып жаткандар менен тыгыз иштөө туура, мактап-жактап жаткандарга караганда. Кечээги өткөн маалымат жыйынына бардык маалымат булактарынын журналисттери чакырылганы дагы абдан туура болгон. Мына ушул багытты бекем кармоо зарыл деп ойлойм", - деп жазды коомдук ишмер Эмил Каптагаев соцтармактагы баракчасына.