Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 157

"Мен уулума саясатка аралашуусуна тыюу салдым", - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Ала-Арча резиденциясында өткөн жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында. 

"Уулумдун "Эл үмүтү" партиясы менен байланышы тууралуу депутат Дастан Бекешев айтып чыккан. Аны уккандан кийин баламдан сурасам, көрсө ага аталган партияны башкарып берүү, шайлоого баруу тууралуу сунуш түшкөн экен. "Андай кылба", - деп тыюу салдым. Эгер дагы кайсы бир жерге аралашып жаткан болсо, мага айткыла, мен чара көрөм", - деди Жапаров. 

Ошондой эле, жубайынын "Үмүт булагы" аттуу кайрымдуулук фонду тууралуу да маалымат берди: 

"Бул фонд 2010-жылы түзүлгөн. Мурда азыркыдай иштечү эмес, бир жыл мурда өзүм иштете бер деп уруксат бергем. Салым кошууну каалаган бизнесмендер, демөөрчүлөр табылды. Азыр фонд оорулуу балдардын дарылануусуна, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берет". 

 Жакында "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна президенттин жубайы Айгүл Жапарова жардам иретинде 500 миң сом берген. Бул боюнча да журналисттерде суроо жаралды: "Ал акча кайдан келди?" 

"Ал 500 миң Жапаровдордун үй-бүлөсүнүн атынан болчу. Биз 11 бир тууган элек, бир бир тууганыбыз каза болуп, онубуз калдык. Ар бирибиз 50 миң сомдон чогултканбыз. Бирок Айгүл ал жерде сүрдөп кеттиби, айтып отурбай эле конвертти берип келе бериптир", - деди Садыр Жапаров.