УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев мамлекеттик резиденцияда коопсуздук маселесине байланыштуу жашап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Ала-Арча резиденциясында өткөн маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.
"Камчыбек Ташиевди мамлекеттик резиденцияда жашатуу тууралуу чечимди Президенттин Иш башкармалыгы менен чогуу мен кабыл алгам. Анткени, Ташиевдин коопсуздугу керек. Азыр кандай иштерди аткарып жатканын билесиңер, көптөгөн коррупциялык иштердин бетин ачууда. Мамлекет үчүн иштей бер, а коопсуздугуң көчөдө кала берсин деген болбойт. Коопсуздугун камсыздашыбыз керек", - деди мамлекет башчы.