Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 331

Эдил Байсаловдун парламенттин келерки чакырылышы жана бийликтин мындан аркы аракети тууралуу айтканын мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Ала-Арча резиденциясында өткөн маалымат жыйынында комментарийледи. 

Эске салсак, Эдил Байсалов "депутаттардын чырылдаганына эми бийликтин кылы да кыйшайбайт" дегендей пикирин жарыялаган. 

"Ал эмоцияга алдырып койду. Көкүрөгүндөгү ойду элге туура эмес жеткирип алды. Кылыбыз кыйшайбайт дегенин мен мурда аткаминерлер депутаттардан көз каранды болчу эмес беле. Алардын айтканын аткарбаса, кызматтан кетип калышы да мүмкүн болчу. Бардык жооптуу кадрлар Жогорку Кеңеш аркылуу дайындалчу. А азыр  бир ууч депутаттардын көзүн карабай эл үчүн иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн баса көрсөткүсү келгениндей кабыл алдым. "Биз эл үчүн иштейбиз, силерди укпайбыз", - дегиси келгенин башкача жеткирип алды окшойт", - деди Садыр Жапаров.