Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров Ала-Арча резиденциясында маалымат жыйынын өткөрдү. Анда мамлекет башчы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев экөөнүн мамилеси мурункудай экенин айтты.
Эске салсак, коомчулукта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилеси начарлап кеткени тууралуу имиш кептер пайда болгон.
"Камчыбек Ташиев экөөбүздүн мамилебиз эң жакшы. Эч убакта бузулбайт. 2005-жылдан бери чогуу келатабыз, көп жол бастык, ал жолдун кыйынчылыгы да, кубанычы да, ийгилиги да, азабы да болду. Баарын чогуу көтөрдүк. Биз башкалардай эмеспиз, эч убакта мамилебизди бузбайбыз. Келечекте да бузулбайт, 100 пайыз кепилдикти Кудай берет, мен 99 пайыз берем. Ар кандай адамдар болот да, ортодон бузукулар чыгып Камчыбек Ташиевге "Сен УКМКда отурсаң отура бересиң, эл сени унутуп калат. Андан көрө шайлоого катышып, спикер бол", - деп "акыл" үйрөтүп, мамилебизди начар жагына оодарууну каалагандар чыкты. Бирок биз андай азгырыктарга алданбайбыз. Биздин мамиле дайыма ушул бойдон калат", - деди Садыр Жапаров.