Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 170

- Сонунбүбү эже, президент баш болуп таза шайлоого өткөрүүгө киришип жатканынан улам, коомчулукта таза шайлоо өтөт деген ишеним жогорулады. Бул сапар шайлоо чындап таза, мыйзам бузууларсыз өтөбү?

- Ооба, шайланып, шадыраңдап мурдагыдай эле болот деп бара жатышат. Эреже - мыйзамдар өтө катуу иштеген Советтик мезгилде деле пара деген нерсе болгон. Адамдан айла-амал качып кутулбайт экен да. Негизи бул жолку шайлоодо аймактарга бөлүнгөн жерде мандем бар. Акчалуулар өзүнө тиешелүү шайлоочуларды сатып алышы мүмкүн. Андай кылбай өлкө боюнча эл шайлаган адам депутат болсо жакшы болмок. Партиялык система да бар экен. Бир аймакты алабы же өлкө боюнча алабы өз тандоосу.

- Өлкөнүн экономикалык абалын сынга албаган талапкер бул шайлоодо жок болору айтпасак дагы белгилүү. Министрлер кабинети актануу иретинде эл аралык тенденцияны бетке тутууда. Кызматтан кеткен Улукбек Мариповдун ордунда болсоңуз, эмне деп буларга жооп кайтарат элеңиз?

- Экономикалык абал деген сөз жөнөкөйлөштүргөндө элдин турмушун жакшыртуу, курсагын тойгузууга шарт түзүү деген эле сөз. Биздин эл башкарууга өтө ыңгайлуу, гүлдөп өсүүгө жакын. Себеби, саны жагынан аз. Суунун башы. Ушундай элди жөндөй албай, эстери ооп жатканына таң калам. Же элдин өнүп-өсүшүнө тоскоол болгон атайын күчтөр барбы, акылым жетпей койду. Эл аралык тенденциясыз эле башынан очорулуп араң турган неме азыр шылтоо болуп жатат да. Мен Мариповдун ордунда болсом өлкөнү гүлдөтүүгө салым кошо турган кесипкөйлөргө конкурс жарыялап, ошолордун эң тез жана кыска убакытта ишке аша тургандарын тандап алып, өлкөнүн акыл казынасын түзмөкмүн. Анан ошолор менен тынбай  иш алып бармакмын. Бир жылдын ичинде өлкө болуп көрбөгөндөй өзгөрмөк. Азыркы акыбалга жооп бер деп көзүн карап отуруштун кереги жок. Ансыз деле баары көрүнүп турат. Аракети бар, жыйынтык жок.

- Партиялык тизме менен аттанган саясатчыларга кандай баа бересиз?

- Мен башынан эле депутаттардын бир аймакка байланып алышын колдобойм. Депутат деген жалпы кыргыз мамлекетине эмгеги сиңген адам болушу керек. Бир мандаттуу шайлоодон аймак чектелүү болуп калып атат да, туурабы. Өз мекенинен колдоо таппай калды деген түшүнүк болбогон түшүнүк. Менин оюма койсо элдин тандоосун өтө жөнөкөйлөштүрүп, эч кандай каражат коротпой Жогорку Кеңешке келе турган мыйзам кабыл алмакмын. Ал чыныгы кесипкөйлөрдүн шайлоосу болмок. “Шайлоолор оңой өтүп кетпесе экен, жөнөкөй эл каруусун казык кылып, тишинин кирин соруп жүрө берсе экен” деген жөөттөрдүн эрежесин токтотуубуз керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити