- Асан агай, шайлоого аттанган бир топ партиялар курултайларын өткөрүштү. Дээрлик баарында шайлоонун таза өтүшүнө ишеничтер айтылды. Бул сапар шайлоо президент айткандай таза, мыйзам бузууларсыз өтөрүнө ишенсек болобу?

- Кыргыз Республикасындагы көп партиялардын эл үчүн иштейин деген ниети жок. Эптеп эле парламентке келүү максаты бар. Азыркы шайлоо бир топ опур - топур менен өтүшү мүмкүн. Ооба, шайлоону таза өткөрсөк болот...  Бирок анын бир жолу бар. Эгер мен эң жогорку чечүүчү кызматта турган болсом, буйрук менен ар бир депутаттын бир айлык акысын 5000 сомго түшүрмөкмүн. Автоматтык түрдө азыркы айрым партиялар жана округдан талапкерлигин коюп жаткандар талапкерлигин алып салышмак. Ошондо жалаң элим деген накта патриоттор келмек....

- Парламенттик шайлоого партиялардын мурдагыдай эле көп катышуусу партиялар таасирин жогото электен кабар береби?                

- Азыр шайлоо мүмкүнчүлүгү толук элдин колуна өттү. “Тазалайм!” десе, мурункуларды толук чийип таштаса болот. Тагыраагы, партиялык тизме менен шайлоого аттангандар дагы фамилиясы менен чыгат. Кыскасы, кимдер шайлоого аттанып жатканын эл билүүгө тийиш. “Бул эл үчүн кызмат кылган”, “Бул элге эч нерсе кылбаган” деп чийип таштоо керек. Болду. Тазаланат да калат. Негизи партиялардын аброю кеткен. Болгону алар акыркы жолку чабуулга өтүп жатышат. Аларга акыркы ишеним берилди. Эл ишенимди четке какса, ошо менен биротоло тынчышат...

- Партиялык тизме менен аттангандар элдин колдоосуна ээ боло алышат деп ойлойсузбу?

- Партиядан чыккан мыктылар болсо, эл колдошу мүмкүн. Бирок бул депутаттар элдин үмүтүн актаган жок. Кимдин кандай экени пандемияда аныкталды. Депутаттын ар бир кыймылы, сүйлөгөн сөзү элдин таразасында турат. Эл эми келечек үчүн добуш бериши керек! Кыргыз Мамлекетинин келечеги үчүн керек болсо кыздарыбыз жан алакетке түшүп, аракет жасап алтын алып келүүдө. Ойлоно турган мезгил келди. Бешиктеги баланы ойлойлу, туугандар?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити