Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 178

"Улукбек Мариповдун жооптуу кызматка келишин мен башынан эле туурган көргөн эмесмин", - дейт укук коргоочу Турсунбек Акун "Саясат. kg" маалымат порталына берген маегинде.                                                                                          

- Турсунбек агай, жаңы өкмөттүн курамын бири максатаса, бири сындап коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда.  Бул өкмөткө ишеним артсак болобу?

- Улукбек Мариповдун өкмөтү келгенде мен биринчилерден болуп сындагам.  Мариповдун ордуна революцияга катышкан, кыйынчылыкты көргөн, Садыр Жапаров  Камчыбек Ташиев менен чогуу жүргөн, экономиканы түшүнгөн, кризис менеджери  болгон адам өкмөт башына  келсе болмок деген пикиримди айткам. Себеби, Марипов президенттердин жардамчысы болуп, жылуу кабинеттерде иштеп, өзүн лидер катары көрсөткөн  эмес. Ошондуктан, анын ал жооптуу кызматка келгенин туура көргөн эмесмин. Чынында өткөөл мезгилде андай эмес, кризис менеджерине басым коюшубуз керек эле. Мариповду кызматка койгону менен  экономиканы көтөрүп кете алган жок, тапшырманы да Мариповдун өкмөтү жарытылуу аткара алган жок.

Жаңы өкмөт периштедей, баары ойдогудай деп айтуудан алысмын. Бирок, башка өкмөттөргө салыштырмалуу техникалык эмес, бир топ жылга иштей турган туруктуу өкмөт келди. Жаш курагы, билим деңгээли мурдагы өкмөттөрдөн жогорураак болду. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду канча сындасак кызматка татыктуу. Ал күчтүү экономист, күчтүү финансист. Бир нече жолу финансы, экономика министри, бир канча жолу депутат болду. Эки ирет премьер- министрдин орун басары болду. Ошондуктан, Акылбек Жапаров премьер-министрликке такшалып, бышып калган мамлекеттик кызматкер. Өткөөл маалда кризис менеджери катары ишти алып кете алат деп ойлойм. Ошондой эле макро, микро экономиканы, экономиканын динамикасын билет. Кыскасы, Акылбек Жапаровдун өкмөтү оор кырдаалга туура келди. Жаңы өкмөттү курап, президент туура кадамдарга барды. Мени кубантканы жаңы өкмөттүн арасында илимге, билимге сугарылган жаштар бар. Юстиция министри Аяз Баетов  илимдин доктору, көп тилде эркин сүйлөгөн, чет мамлекеттен окуп келген жигит. Азамат Жаманкулов кайра Маданият министри болуп келди. Кайрат Иманалиевди көнгөн КТРге  барды. Арзыбек Кожошев да күчтүү финансист. Азиз Алиев деген вице премьер бар. Бул дагы күчтүү финансист. Азыркы өкмөткө күчтүү финансисттер көп келди. Буюрса өкмөттүн ушул курамы ишти жакшы алып кетет деп ойлойм. Болгону гендердик жактан гана аксап калды. Анткени,  өкмөт мүчөлөрүнүн арасында бир гана аял бар. Башкасынын баары эркек болуп калды. 

Ошентсе да, бул өкмөт  амбициялуу тапшырмаларды алдына койду. Кыргызстандын бюджетин 400 миллиардга жеткиребиз деди.  Бул өкмөт президентти президенттин аброюн көтөрүп жакшы иштеп берет же ишенимди актай албай президентти катуу уятка калтырат. Ошондуктан бүт жоопкерчиликти алып күнү-түнү иштеши керек.