- Рамазан агай, шайлоо күчтүү атаандаштыкта өтөөрү байкала баштады. Кайсыл партиялар ийгиликке жетиши мүмкүн?

- Атаандаштык күчтүү болгондой сезилгени менен илгерки эле ыкмалар жүрүп жатат. Айрым партиялар алжыган чалдарды да улуу инсан кылып катарына кошуп алышыптыр. Алар биз “Кумтөргө" каршы болгонбуз” деп карандай калпты айтышат экен. Чынында азыр партияларда улуу инсан болуп киргендердин көпчүлүгү мезгилинде баары Акаевге кошомат кылышкан. Ошондуктан Акаев “Кумтөрдү” каалаганындай калчаган. 

Азыр мандатка ээ болгусу келгендердин көбү  Орусияга жакшы  көрүнө турган ойлорду айтышууда. Чынында Орусиянын саясатынын мыкты жагын деле көрө элекмин. Аларга караганда бизде сөз эркиндиги бар. Алар   күчкө таянгандан башканы билбейт. Мыктыларын камап жок кылып жатышат. Ошон үчүн аларга жагынуунун кереги жок деп ойлойм. Ошон үчүн шайлоого аттангандар мыкты болсо, орусияга жагынганды эмес, канткенде Кыргызстан  өнүгүп-өсөт деген маселелерди көтөрүшү керек.

- Бул парламенттин курамы кандай болот?

- Парламенттин курамы кайсыл партия ийгиликке жеткенине жараша болот.

- Президентке элдин ишеними жогору элеби?

- Азыр Садыр Жапаровду колдогон идея эле бар. Андан башка идеяны деле байкаганым жок. Садыр Жапаров канчалык деңгээлде мамлекетти карыздан чыгарат, аны турмуш көрсөтөт.