Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов алдыдагы шайлоого катыша турганына байланыштуу кызматынан кетти. Шайлоо шылтоо эле болбосо, Токон мырза бул кызматтан эчак эле кетиши керек болчу. Эмне иш кылганын билбедик. Токон мырза келгени Акыйкатчы институтунун бар же жогу билинген жок.

Бул маселеге кайрылганыбыздын себеби, бошогон орунга институттун ишин алгалата алчу, укук коргоо жаатында тажрыйбасы, салмагы, таасири бар адам келсе экен. Антпесе, акыркы жылдары бул кызмат жумушсуз калгандарды алып барып отургузуп, сооротуп туруучу вакансияга айланды. Кимдер гана отурбады бул орунда, жарандардын укуктарын бир күн коргобогондор да иштеп кетишти.  Мындай көрүнүш улана берсе, институт өзүн биротоло дискредитациялап, өлкө бюджетинен акчаны мойсогондон башка кылган иши жок, аты бар, заты жок  органга айланат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити