Шайлоо күнү жакындаган сайын шайлоонун шааниси башталды.  Өткөн жуманын дем алыш күндөрү бир катар партиялар, атап айтканда, “Ата Мекен”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Азаттык”, “Ынтымак” партиялары өз съезддерин өткөрүп, программалары, максаттары менен тааныштырып, буга чейинкидей эле “биз шайланып келсек, кыйратабыз, жыргатабыз” деген “ырларын” дагы бир жолудан кайталашты. Бизди партиялардын бири бириникине коёндой окшош  болгон программа, платфмалары кызыктырбайт деле. Партиялардын тизмесиндегилер кызыктырды.

Партиялардын тизмесине көз жүгүртүп, бизде партиялардын аталыштары эле өзгөрбөсө курамдары ошол бойдон кала бере турганына дагы бир жолу ынандык. Баягы эле жүздөр, баягы эле өңдөр...  Иши кылып эле депутаттык мандатка жетүү үчүн партиядан партияларга секирип, ал партиядан оомат кетсе, башкасына өтө качып жүргөн мурдагы жана кийинки депутаттар, саясатчы сөрөйлөр. Арасында тээ Акаевдин “Алга Кыргызстан”, Бакиевдин “Ак Жол” партиясынан бери депутат болуп шайланышып келаткандар жүрөт. Сыягы, партияларга бир мандаттуу округдардан шайланарына ишеними жоктор партияларга эрмешкен  окшобойбу. Не дебейли, партиянын тизмеси аркылуу барганда, депутаттык мандатка жетүүгө аз да болсо мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Тилекке каршы, партия курамдарында жаңы жүздөр, жаштар дээрлик  жок экен, болсо да  алардын шайлануу мүмкүнчүлүктөрү төмөн экенин белгилей кетели. Анткени, азыр партиялык  тизмедеги ордуларына жараша эмес, алган добуштарына жараша мандатка ээ болушат.  Эгерде шайлоочулар жүздөрү тааныш, капчыгы калыңдарга добуштарын беришсе, анда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышка баягы эле эскилер келип калуулары толук ыктымал.

Партиялардын съезддери биринчиден, Кыргызстанда партиялык система али өнүгө электигин көрсөтсө, экинчиден, кыргыз саясатындагы “оюнчулар”  жакынкы жылдары жаңыланбай турганынан кабар берди.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити