Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 132

Шайлоо мыйзамы боюнча, 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышууну каалаган партиялар шайлоо датасына 40 күн калганга чейин талапкерлер тизмесин БШКга тапшыруулары керек. Мындан улам, саясий партиялар биринин артынан экинчиси курултайларын өткөрүп, талапкерлер парадын башташты. Арасында кимдер гана жок?! Жоготкондун баарын тизмелерден табууга болот. Ийинде жаткандар, архаизмиге “айланып” кеткендер, эмгеги сиңгендер жана катуурак үн чыгарганды чындыкты айтып жатам деп билгендер. Эмесе, партиялардын тизмесине көз чаптырып көрөлү.

“Ата Мекен”

Биринчилерден болуп “Ата Мекен” партиясы курултайын өткөрдү. Жалпы тизмеси маалым боло элек, азырынча партия лидери Өмүрбек Текебаевди жандаган алдыңкы беш орунда кимдер бардыгы белгилүү болду: Клара Сооронкулова, Тилек Токтогазиев, Али Токтакунов жана Наталья Никитенко. Булар кимдер?

Клара Сооронкулова “Реформа” партиясынын лидери катары белгилүү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы. Буга чейин “Ата Мекен” партиясы менен “Реформа” бириккени айтылган. Ага жараша биригүүгө макул болгон партиянын лидери Текебаевден кийинки орунду ээлеген.

Тилек Токтогазиевдин “бактысы” бадыраң менен ачылган. Былтыркы парламенттик шайлоого да “Ата Мекендин” катарында барган. Шайлоодон кийинки окуялардын шарданында Айыл чарба, азык-түлүк өндүрүшү жана мелиорация министри болуп дайындалып, беш айдай иштеген. Бирок ишинин жыйынтыгын көрсөтө албаганы үчүн февраль айында кызматтан алынган.

Али Токтакунов – “Азаттыктын” кабарчысы. Коомчулукка Раим Матраимовго байланышкан журналисттик иликтөөсү менен таанылган. Матраимов башында турган бажыдагы ири коррупциялык схеманын бетин ачкан. Бирок кимисиники канчалык деңгээлде тууралыгын ким билсин, Токтакуновдун бул кылганын орусча айтканда “медвежья услуга” катары баалагандар да бар. Журналисттик иликтөөсү эл аралык ири соодагерлердин Казакстанга оошуна, ал эми кыргыз соодагерлеринин капчыгы бош калышына алып келди деген кептер жок эмес.

Наталья Никитенко көп жылдан бери Өмүрбек Текебаевдин жанында келатат. Учурда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты.

“Азаттык”

Бул партия экс-депутат Исмаил Исаковдун партиясы катары таанымал. Бирок, тизмени Ахматбек Келдибеков баштаган. Анын артында Жылдыз Жолдошова, Исмаил Исаков, Медеткан Шеримкулов жана Бактыбек Калмаматов турушат.

Ахматбек Келдибеков өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулган. Өз убагында ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган. Акаевдин убагында Соцфондду жетектесе, Бакиевдин учурунда Салык кызматын башкарган.

Жылдыз Жолдошова 2015-жылдагы президенттик шайлоодо Арсланбек Малиевдин “Аалам” партиясы менен жарышка аттанган, бирок аталган партия жеңишке жетише албады. 2020-жылдагы шайлоодо “Мекенчил” партиясынын тизмесинде болчу.

Исмаил Исаков Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, өлкө башаламандыкка учураган 2010-жылдары КР Коргоо министри болгон. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдогон.

81 жаштагы Медеткан Шеримкулов “легендарлуу парламенттин” депутаты. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ачык каршы чыгып, ишмердүүлүгүн сынга алган жана оорукчан атап, ага психиатриялык жардам керектигин белгилеген.

Бактыбек Калмаматов 2021-жылы президенттик шайлоого талапкер болгон жана учурдагы президентти Конституцияны өзгөртүүгө барганын сынга алган. Жаңы Конституцияны “чыныгы хандык башкаруу” деп атаган. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты.

“Бүтүн Кыргызстан”

Аталган партия да өткөн жумада курултайын өткөрүп, талапкерлер тизмесин тактады. Ага ылайык, “Бүтүн Кыргызстандын” алдыңкы катарында бул сапар Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Орозайым Нарматова, Эмиль Токтошев, Кыянбек Сатыбалдиев бардыгы айкын болду.

Адахан Мадумаров президенттикке үч жолу талапкер болгон - 2011, 2017 жана 2021-жылдары. Жогорку Кеңештин 4-чакырылышында спикерликке чейин жеткен. Партия 2006-жылы түптөлгөн, ал эми аны башкаруу Мадумаровдун колуна 2010-жылы тийген. Акыркы учурда интернет желесинде бул саясатчынын дарегине сын-пикирлер көбүрөөк айтылып жүрөт.

Исхак Масалиев өткөн, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо да Адахан Мадумаров тарапта болгон. Буга чейин төрт жолу парламенттик депутаты катары ишмердүүлүк жүргүзгөн. Ага чейин бажы тармагында иштеген, 2012-жылы Салык кызматынын жетекчилигине отурган.

Орозайым Нарматова “Жаштар коому” бирикмесинин жетекчиси. Учурда Москва шаарында иштейт.

Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп шайланган.

Ал эми Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору, буга чейин КСДП партиясынан парламентте депутат болгон.

“Ынтымак”

Үч партиянын башын бириктирген (“Чоң Казат, “Келечек” жана “Ынтымак”) “Ынтымак” партиясынын съездди 11-октябрда өткөрүлдү. Лидери Мармен Маматалиев кошулуучу партиялардын ар бири менен өзүнчө сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылган. Анын жыйынтыгында, тизме төмөнкүдөй: Чыңгыз Макешов, Марлен Маматалиев, Бакыт Тентишев, Аида Исатбек кызы, Сагындык Келдибаев, Балбак Түлөбаев, Талант Мамытов, Шарапаткан Мажитова, Алмамбет Шыкмаматов, Арзыбек Карыбеков, Абдиталип Акимов, Адинай Марипова, Канат Мидин уулу, Жаркынбек Касымбеков, Эрулан Көкүлов.

Тизмедегилердин айрымдары коомчулукка таанымал: буга чейин депутат болгондор, ар кандай жетекчилик кызматта иштегендер. Чыңгыз Макешов парламенттин 6-чакырылышына КСДП фракциясынан депутат. Өткөн жылы шайлоого “Ыйман нуру” партиясы менен барган. А быйыл  “Келечектин” лидери.

“Чоң Казат” партиясынын жаңы лидери – Жаркынбек Касымбеков. Белгилүү Абдыганы Эркебаевдин күйөө баласы. Так ушул талапкер тууралуу айтылчу сөз көп. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Чоң Казат” менен ат салышып, бирок шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө саясий кырдаал курчуган маалда, өзүн саламаттыкты сактоо министри деп жарыялаган. Бир убактарда Бишкектеги тез жардам кызматынын жетекчиси болуп жүрүп, тендерге байланышкан чырда аты аталган. Жыйынтыгында, “кызмат абалын ашыра пайдаланууга” айыптуу деп табылып, 300 миң сом айыппулга жыгылган. 

Эрулан Көкүлов “Не сахар” көрсөтүүсү менен коомчулуктун колдоосуна ээ болгон журналист. Бул көрсөтүү аркылуу жашыруун, гигиеналык-санитариялык талаптар сакталбаган азык-түлүк бышыруучу жайлардын бети ачылды. Кыргызстандыктар эмне менен тамактанып жатышканын билип, сак болууга өтүштү. Эгерде, шайлоодон кийин да тизме өзгөртүлбөй, учурда алдыңкы орундарга аты жазылган Көкүлов сыяктуу жаштар парламентке келе турган болсо, коомдун азыраак болсо да утушу болоору анык.

Бул ирет шайлоо аралаш системада өткөрүлөт, жалпы 90 депутаттык орундун 54ү партиялык тизме менен келгендерге берилсе, калган 36сын бир мандаттуу округдан келгендер ээлейт. Күрөш катуу болчудай өңдөнүп калды – 54 орунга 500 чакты талапкер.

Булак: «Майдан. kg» гезити