Азыр айрым серепчилер ушул жылдын 28-ноябрында өткөрүлө турган парламенттик  шайлоого карата мурдагы убактардагыдай активдүүлүк, атаандаштык болбой жаткандыгын айтышууда. Ал чындык, биз да андай пикирлерге кошулабыз. Мурдагы убактарда шайлоого жарым жыл калганда эле саясый партиялар, талапкерлер активдешип, ар кандай иш-чаралардын шылтоолору менен жердештерине материалдык, каржылык жардамдарды көрсөтүшүп, урук-туугандарынын, жакынкы, алыскы тамыр-сөөктөрүнүн баардыгынын тизмелерин такташып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түрдүү  демарштарды жасашып, толгоолору келгендей  өтө эле күйпөлөктөнө башташса, жайдан бери андай аракеттер байкалбады. Негедир борбордо деле, жер-жерлерде деле жымжырт, тынч. Бир мандаттуу округдардан койгон талапкерлер деле аз. Ушул убакытка чейин 200дөй адам талапкерлигин коюшса, алардын үчтөн экиси акыркы жумада катталышты. Арасында күркүлдөр өтө аз, жокко эсе да болот. Мындай пассивдүүлүктүн себептери эмнеде?

Жеке пикиримде, мындай пассивдүүлүккө төмөндөгүдөй жагдайлар себеп болуп жатат окшойт.

Биринчиден, өткөн жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыктары боюнча жаңжалдар, анын жокко чыгарылгандыгы күркүлдөрдүн көбүнүн капчыктарын жукартып, көңүлдөрүн да кайт кылып салгандай. Анткени, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо айрымдар 1-1,5 миллион долларга чейин каражаттарын чачышып, канча убактыларын, нервдерин короткон менен эңсеген мандаттарга ээ боло алышпады. Тескерисинче, көбү сурак берип жүрүп, баштарын араң арачалап калышса, калгандарын Кумтөргө байланышкан сурактар, тергеп-тескөөлөр биротоло жүдөттү. Айрымдары дагы деле СИЗОлордо отурушат. “Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар” дегендей, алардын психологиялык абалдарын түшүнсө болот.

Экинчиден, 11-апрелдеги жалпы элдик добуш берүүдөн кийин парламенттин ыйгарымдары азайды, чектелди. Фракциялар майлуу-сүттүү кызматтарды бөлүштүрүү укугунан ажырагандан кийин акчалуулардын көпчүлүгүнүн депутат болгулары келбей калгандай. Мурда Жогорку Кеңешке келгендер кызматтарды бөлүштүрүп же өзү токочтуу жерге дайындалып, чачкандарын  акырындап жыйнап алышса, эми андай укуктан ажыраган соң акчаларын жөн эле чачкылары келбей калды. Эл өкүлдөрү кызыкдар тараптарга тийиштүү мыйзам долбоорлорун, укук-ченемдик актыларды сүрөгөнү үчүн да “колуштук” алышат деп угабыз, бирок  чоң жегенге көнгөндөрдүн  андай  майда-чүйдө  “колуштуктарга”  канааттанбашы да чындык. Бир нече миң үчүн бир нечелеген миллиондорду эч кимдин чачкысы келбейт.

Үчүнчүдөн, Садыров менен Ташиевдин фактору да көбүн сактандырууда, абайлатууда. Эки тизгин бир чылбырды биротоло колуна орой кармаган Садыр Жапаров үчүн айрым депутаттар түгүл, парламент деле аптарыйкат, чоң күч эмес. Депутаттар мурдагыдай Өкмөттү баш көтөртпөй өмгөктөп, мамлекет башчысына каалаганда кирип, өз маселелерин чечип турган убак эбак өткөн.

Төртүнчүдөн, биздеги шайлоолор да демократиялуу өнүккөн өлкөлөрдөй бир нукка түшө баштагансыйт. Батышта саясат менен негизинен өзүн башка чөйрөдөн чындап көрсөтө албагандар, сүйүктүү иштери, жарытылуу бизнестери жоктор алектенишет. Алсак, Батышта дүйнөгө белгилүү банкирдин же ишкердин, кинонун,  адабияттын жана искусствонун чыгаандарынын депутаттыкка талапкер болгондугу жөнүндө окуй да, уга да элекпиз. Аларда ар ким өзүнүн агарып-көгөргөн сүйүктүү ишин кылат, айрым учурларда демөөрчүлүк кылышса да саясатка аралашпайт. Рокфеллерден “сиз эмнеге президенттикке талапкерлигиңизди  койбойсуз?” деп сурашса, ал: “менин андан башка деле иштерим көп” деп жооп берген экен. Чындыгында биздеги капчыгы калыңдагандардын бардыгынын эле депутат болгусу келгендиги, бир жагынан “балалык оору” болсо, экинчи жагынан өз бизнесин сактап, өнүктүрүүнүн эле бир аргасы болчу. Депутаттык мандат тиягына да, биягына да жардам бербей турган болсо, ал жер үчүн ашыкча акчаларды чачкандын кандай зарылчылыгы бар? Башкы “кустургуч” ордунда турса, ал эч кимдин депутаттыгына карабайт. Мыйзамдуулуктан тайганды, же ашкере оолуга баштаганды дароо эле эсине келтирип коёт.

Албетте, парламенттин депутатынын кызматтарды бөлүштүргөндөн, Өкмөттү өмгөктөгөндөн башка укуктары, ыйгарымдары, жеңилдиктери аз эмес. Министрликтердин, ведомстволордун жетекчилерин омуроолоп дагы деле көп иштерди чече алат. Бирок, баары бир жумшаган чыгымдар келечектеги потенциалдуу дивиденддерге бери дегенде пропорцияналдуу  болбой жат­кандыгынан күркүлдөрдүн көпчүлүгү ЖКга жулкунбай жатышкансыйт.

Элдин да шайлоолордон, андан кийинки ашкере ызы-чуулардан жадагандыгы, басымдуу көпчүлүгү турмуш-тиричиликтерин тынч өткөрүүнү гана көздөп калгандыгы байкалууда. Алардын колдоруна бир нерсе тийсе, шайлоого барышат. Эгерде тийбесе, бириң өлүп, бириң кал деген принципте көбү шайлоолорго деле барбай коюшат.

Мына ушундай жагдайлардан улам потенциалдуу талапкерлер да, эл да алдыдагы парламенттик шайлоого мурдагы убактардагыдай кызыкпай жаткандай.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити