Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 139

- Шайлоонун таза, мыйзам бузууларсыз өтөрүнө ишенсек болобу?

- Азыркы тапта президент чексиз бийликти колуна  алды. Азыр кеп Жогорку Кеңешке ат салышуудан мурун депутаттардын статусу кандай болорун ойлонушу керек эле. Бирок, аны ойлогон эч ким жок. Чын сөздү айтсак менимче партиялык тизме менен өтөбү же бир мандаттуу округдан өтөбү, өздөрүнүн кандай абалга туш болорун ойлонушу керек. Анткени, Башмыйзам боюнча президент чексиз бийликке ээ, ошол эле учурда Жогорку Кеңештин чечимдерин кабыл алышы же кабыл албай коюшун президент өзү чечет. Демек, Жогорку Кеңеште бийликтин бир бутагы катары ар кандай маселелерди чечүүгө ролу жок башкача айтканда, жиптин учун да чече албайт. Жашыруун эмес, Жогорку Кеңеш президенттин ар кандай мыйзамдарын легалдаштырып бере турган гана органга айланары айтпаса да түшүнүктүү болуп калды. Бир сөз менен айтканда партиялык тизме менен өтсүн же бир мандат менен келишсин эч кандай таасирге ээ болбойт.

Биринчиден, “чимкирик” Жогорку Кеңешке айланганы элдин кадыр-баркына эмес, элдин алдында ишеничтен чыгып калган бийлик тутуму. Экинчиси, так ушул ыңгайды карап, азыркы бийлик эбегейсиз бийлик тутумун өз колуна тартып алды. Үчүнчү, эч таасири жок, “хоп майли, каалаган мыйзамыңарды кабыл алып беребиз” же мурунку чимкирик Жогорку Кеңештен да ылдый түшкөн Жогорку Кеңеш болору айдан ачык болуп калды.

Шайлоонун таза өтүшүнө Кыргызстанда кепилдик бериш макулуктарга тийиштүү эле болбосо, зирек ойлонгон адамга таза өтөт деген түшүнүк такыр эле мүмкүн эмес. Көрдүк го, шаардык жана жергиликтүү кеңештерге кимдер келгенин, эл капчыктуу эргулдарга кандай сатылганын, айтканда эмне бир нерсе өзгөрүп кетмек беле, кайра эле баары кайталанары турган иш. Шайлоо таза өтпөйт, мыйзам бузуулар сөзсүз болот... бетсиз абийири жок өз кызыкчылыгынан бөлөктү ойлобогон, элдин канын соргон  шумпай акмактар эмне гана ишке барышпайт. Анткени эл да сатылып, шылуундарга жол берип койгонбуз.

Эми бул жерде эң кооптуу шайлоо бир мандаттуу округдарда болот, бул шайлоого чейин мындай шайлоону кыргыз эли башынан өткөргөн. Кооптуулугунун биринчи себеби, “айтпай турган сөз эле, чыгып кетти өзү эле”- дегендей  араң турган кыргыз элине уруу уруу, кокту-колот, куда-сөөк, ага-тууган жана башка толгон-токой болуп бөлүшүүчүлүккө өбөлгө түзөт. Экинчи себеби, жалаң акчалуу, кой терисин жамынган чөнтөктүүлөр гана өтөт. Анткени, шайлоолордо куураган байкуш эл акчага сатылары айтпаса да түшүнүктүү, бул көрүнүштөр жумурай журтка белгилүү го.

Үчүнчү кооптуу себеп - региондордо “өз балабыз өтсүн, биздин өрөөндүн балдар өтүш керек” деген түшүнүк менен кайым атышуу, катташпай калуу же чабышып тирешүүгө келиши мүмкүн. Мындай учурлар практикада кездешкен да, туурабы?...

Төртүнчү кооптуу себеп: так ушундай кооптуулуктун негизинде мамлекеттин тамырына доо кетсечи деген маселе бар. Бул да ойлоно турган жалпы кыргыз элине тийиштүү нерсе. Дагы кооптуу көп нерселер бар барын айтып, түшүндүрүү үчүн шарт болбой турат, себеби чагымчылдык кылып жатасың деген жаман сөздү уккум келбейт.

- Министрлер башчысы катары Улукбек Марипов кандай иштеди?

- Марипов жөнүндө сөз кыла турган болсок , бул инсан кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн коюлуп, кыңк дебестен иштерин аткарып туруу үчүн эле башбакандык кызматка келгени белгилүү болгон. Аны массалык маалымат каражаттары убагында белгилешкен. Сөздүн ачыгы, Марипов башбакандык арабаны тартып кете алган жок. Башбакан кызматы кылдын учун чечпеген кызмат, баары бир гана адамдын эркине байланышкан, болгон милдетти президент алып, ишке ашыруусу керек. Конституцияда так ушундай белгиленген.

Булак: “Майдан. kg” гезити