Бизде ушундай. Саясатта жүргөндөр айта беришет, анан кырдаалга жараша айткандарынан кайтышып, башкача жүрүштөрдү жасай беришет. Саясаттан кеттим, экинчи депутат болбойм дегендер канча болду, бирок кайра эле айланып саясатка келип алышат.

Өлкөдөгү эң бай адамдардын бири, айтылуу алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов Нарын шайлоо округунан кайрадан Жогорку Кеңешке шайлоого катышат экен. Шаршенбек мырзанын эмнеге депутат болгусу келатканын дегеле түшүнбөй койдук. ЖК жыйындарына дээрлик катышпаса, тигил же бул мыйзам долбоорун демилгелеп, сунуштарын айтпаса, өкмөттүн ишин сынга албаса, балыктай болуп эле отурса, ага депутаттык эмне үчүн керек? Өзү деле буга чейин “саясат, депутаттык мен үчүн эмес экен, мен саясатчы эмесмин, мен ишкермин, эми Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтсө, бизнес менен гана  алектенем” деп айткан болчу. Жок, кечээ айтканы бүгүн жок, кайрадан депутаттык мандатты самап турган кези.

Албетте, депутаттык мандат бизде кээ бирлер үчүн мыйзам жазып, элге, өлкөгө кызмат кылуу болсо, айрымдар үчүн жөн гана бизнесине, ашып ташкан байлык, мүлктөрүнө “крышалык” да кызмат кыларын унутпайлы. Сыягы, Шаршенбек мырзанын бизнес империясынын кооптуулугу үчүн мандат керек болуп жаткан окшобойбу. Бирок ошентсе деле депутат катары жыйындарга катышып, мыйзам демилгелеп, сунуштарын айтып турушу керек го. Болбосо, жумушуна келбей жүрүп эле очойгон айлыктарды ала бергени калыстыкка жатпайт да...

Булак: “Майдан. kg” гезити