Алдыдагы шайлоону утурлай сырткы күчтѳр ѳлкѳ ичиндеги НПОчуларга гранттык каражаттарды берүү менен ѳз максаттарына жетүүнү кѳздѳп жатышат. Мындай пикирин айрым саяссий серепчилер билдиришүүдѳ.
Алардын айтымында, кээ бир талапкерлер гранттык каражаттарга элдер менен жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ. Мындай нерселер шайлоонун шааниси менен ички ишибизге кийлигишүү башталганын кѳрсѳтѳт. Эч кимдин биздин ички процесстерге кийлигишкенге акысы жок. Буга чейин да мындай көрүнүштөр орун алып, АКШ баштаган Батыштагы уюмдар каржы жагынан колдоолорду кѳрсѳтүшүп, саясий процесстерге таасир этип келишкен. Кеп мында ири ѳлчѳмдѳгү гранттык каражаттарда болуп атат. Акча болсо, биздин ѳлкѳдѳ эл ичине бүлүк салуудан, башаламандыктарды уюштуруудан кайтпаган күчтѳр табыла берет экен. Ошондуктан бейѳкмѳт уюмдар боюнча мыйзамдардын механизмдерин иштеп чыгып, алдын алуу чараларын кѳрүү зарыл.
Тилекке каршы, мындай пикирлер, чочулоолор жаңылык эмес. Биздеги шайлоо процесстери ар дайым саясий туруктуулукка доо кетирүүгѳ, абалды дестабилдештирүүгѳ, чыңалган абалды жаратууга шылтоо, себепчи болуп келген. Ѳлкѳбүзгѳ кѳз карашы түз эмес, кыртышы сүйѳ бербеген сырткы күчтѳр шайлоолорду ѳз максаттарына пайдаланууга аракет кылышары жашыруун эмес. Бүгүнкү күндѳгү бийлик Кумтѳр ж.б. маселелерде батыл, чечкиндүү аракеттерге баруу менен «айрымдарга» жакпай келаткандыгы да чындык. Ыңгайсыз бийликти кулатуу, алмаштыруу аракеттери болуп келген, боло берери бышык.
Демек, алдыдагы шайлоону дагы ошондой дестабилдүүлүктү, саясий чыңалууларды жаратууну каалаган сырткы күчтѳр пайдалангысы келерин жокко чыгарууга болбойт. Андыктан аларга карата чараларды кѳрүп, алдын алуу иштерин жүргүзүү кажет.
Булак: “Майдан. kg” гезити