Кыргызстандын эгемендик алган алгачкы жылдарындагы легендарлуу аткан конгон  парламенттин спикери, 82 жаштагы  Медеткан Шеримкулов да “Азаттык” партиясынын курамында шайлоого катышууда.

Ачыгын айталы, парламентке жаштардын, жаңы жүздөрдүн келишин канча каалабайлы, бирок Медеткан Шеримкуловдун Жогорку Кеңештин депутат болуп олтуруусу элдин мүдөөсүнө жооп бермек. Тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, мамлекеттик башкаруу иштерин тереңден түшүнгөн, парламенттин табиятын жакшы билген, турмуштук жана  кызматтык тажрыйбасы зор Медеткан Шеримкулов Жогорку Кеңештин ишмердигине пайда эле алып келбесе, зыяны тиймек эмес. Парламенттин аксакалы катары башка депутаттарга акыл, кеңешин айтып, туура жолго үндөп, багыт берип, өзүнүн чечендиги, акылгөйлүгү менен Жогорку Кеңештин салмагына салмак гана кошмок.  Кезинде Тудакун Усубалиев, Апсамат Масалиев, Бейше Акунов сыяктуу аксакалдар карылык сөздөрү, пикирлери менен Жогорку Кеңешти кадимкидей көрккө келтирип, таасирин арттырып  турушчу.

Булак: «Майдан. kg» гезити