- Мен өзүм кадрлык алмашуулар боюнча кыска түшүндүрмө берип коеюнчу деп чечтим. Өзүңүздөр күбө болгондой, КР Министрлер кабинетинде кадрлык өзгөрүүлөр болуп Акылбек Жапаров КР Министрлер кабинетинин төрагасы болду. Акылбек Жапаров экөбүз жердеш Кочкор районунанбыз. Бир райондук ага- ини мамлекеттик кызматтын эки башкы бутагына отуруп алганы регионалдык саясатка да, моралык этикага да туура келбей калат. Ошондуктан мен өзүм Президентибиз Садыр Нургожоевичке КР Мамлекеттик катчысы кызматынан бошотуп коюну сурандым. Анткени мен өзүм мамлекеттик кызматын этикасын сактайлы деп көп айтып жүргөн адамын. Президент өзүнө кеңешчи болууну сунуш кылды. Макул болдум. Мамлекеттик катчы кызматында аз иштесем да колумдан келишинче абийирим менен иштеп, өзүмө тагылган милдетти так аткарууга аракеттендим. Аны "КР Мамлекеттик катчысынын 100 күнү"- деген отчетумда толук бердим. Баштаган иштеримди улантып аткара берүүгө аракеттенем, - деп билдирди Чолпонбек Абыкеев.
Эске салсак, Мамлекеттик катчы болуп буга чейин президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштеген Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагалыгы жана президенттик администрациянын жетекчиси милдеттерди айкалыштырып аткарат. Ал эми Чолпонбек Абыкеев президенттик кеңешчиси болду. Буга чейин кеңешчилик милдетти аткарган Равшан Сабиров парламенттик шайлоого бараарына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.