Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1607

Бүгүн, 10-октябрда "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы кезектеги курултайын өткөрдү. Күн тартибиндеги маселелерге ылайык, анда делегаттар партиянын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер тизмесин бекитишти. 

Кимге болбосун, кайсы партиянын катарында кимдер бардыгы кызык. Аталган партиянын тизмесиндеги алдыңкы сабында кимдер бардыгын талдап көрдүк. 

Партиянын лидери - Айбек Маткеримов. Маалыматтарга караганда, кесиби - дарыгер. Жалал-Абад облусуна караштуу ооруканалардын биринде бөлүм башчы болуп иштеген. Буга чейин саясатка аралашкан эмес. Жакында болуп өткөн жергиликтүү шайлоолорго "Ата-Журт Кыргызстан" партиясын баштап барган жана жакшы жыйынтыктарга жетишкен. 

Бакыт Төрөбаев - "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты. Ишмердүүлүк тарыхында бир топ жооптуу кызматтарды аркалаган - 2010-2015-жылдары парламенттин 4-чакырылышынын депутаты, 2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болгон, 2015-жылы кайрадан депутат болуп шайланган. Эмне себептен шайлоого өз партиясын баштап барбай, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына бирикти деген суроого мындайча жооп берген: “Бардыгыбыз үчүн жеке амбицияларды таштап, мамлекет, эл үчүн иштей турган убакыт келди! Эмнеге “Ата-Журт Кыргызстан”! Анткени, башка партияларга караганда дал ушул азыр баарыбыз туусунун алдына чогулган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен көз караштарыбыз толук туура келди. Андан тышкары, мени кубантканы, бүгүн биз тизме түзүүдө таза, жаш, булганбаган кадрларды топтоп жарышка түштүк".

Надира Нарматова - парламенттин 5-чакырылышынын депутаты. Айымдар арасында өз пикирин кеңири чагылдырып, чындыкты айтуудан тайманбаган күчтүү депутат катары элдин эсинде калды. Кесиби - педагог. Ошол себептенби, парламенттеги ишмердүүлүгү учурунда мугалимдердин маселесин көп көтөрүп жүрдү. 

Равшан Сабиров - Кыргызстандагы тажик улутунун өкүлү. 51 жашта. Парламенттин 5-чакырылышынын депутаты. Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри. Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри. Ушул жылдын февраль айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган. Өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, алака-катышты жакшыртуу жаатында көп жакшы иштерди жасаганы белгилүү. 

Камила Талиева - Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты. Мурдагы вице-премьер-министр. 2014-жылы маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген. Кыргызстан билим берүү отличниги сыйлыгынын ээси. Кесиби - мугалим. 

Пархат Туледыбаев - депутаттыкка эки жолу шайланган: 4-чакырылышта жана 6-чакырылышта. Анын кыргыз балбандарына демөөрчүлүк кылып, эл аралык турнирлерге, Азия, дүйнө чемпионаттыгына жана Олимпиадаларга барышына каржылык колдоо көрсөтүп келгени коомчулукка маалым. Өзү 2010-жылдан тартып эркин күрөш Федерациясынын вице-президенти болуп келет. Жаш кезинде эркин күрөш жана бокс менен алектенгени да маалым. 

 Замирбек Эсенаманов - Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты. Кесиби - инженер-технолог. Буга чейин Жайыл районунун акими, КР жаратылыш ресурстары министри болуп иштеген. Мамлекеттик кызматтын  II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 

Жеңиш Токторбаев - жарандык активист. Өлкөдөгү ар кандай саясий окуялар тууралуу өз пикирин айтып келген. Буга чейинки шайлоолордо аталган партиянын Жалал-Абад облусу жана Бишкек шаары боюнча координатору болгон. 

Шүкүрбек Эркебаев - коомдук ишмер. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын ишенимдүү адамы. Ар кандай кырдаалдарда жана окуяларда чогуу болуп келгени маалым. Коомдо активдүү, өз көз карашына ээ. 

Турсунбай Бакир уулу - Жогорку Кеңештин 2 - жана 5-чакырылышынын депутаты. Кесиби - тарыхчы. 2005-жылы Кыргызстан Акыйкатчысы болгон. 

Таалай Сарыбашов - Ош шаарынын мурдагы мэри жана Бишкек шаарынын мэринин мурдагы милдетин аткаруучусу. Анын Ош шаарына жасаган иштерин коомчулук жакшы билет. Элдин эсинде өз ишин мыкты аткарган чарбакер мэр катары калды. 

 Бек Борбиев - КР Эл артисти. Чыгармачыл дүйнөнүн өкүлү экенине карабастан өлкөдөгү ар кандай окуяларга активдүү аралашат. Соцтармактар аркылуу тигил же бул көрүнүштөргө пикирин жарыялоодон чарчабайт. 

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ага катышууну ниеттенген бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер арызын жана саясий партиялар тизмесин шайлоо күнүнө 40 күн калганга чейин БШКга тапшырышы керек.