“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы аламан жарышка ак ниет, жакшы ой-максаттар менен аттанып жатат. Өлкө тарыхында дагы бир тагдыр чечер сыноо алдыбызда турат. Бул шайлоодон Кыргызстаныбыздын келечек тагдыры чечилет, эскиче жашоону улантып эскилерге жол беребизби же жаңы жашоо, жаңы багытка карай жол салабызбы, ошол маселе маанилүү”, - деп белгиледи аталган партиянын талапкери Бактияр Калпаев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 3-съездин өткөрүп жатат.
Бактияр Калпаевдин айтымында, “Ата-Журт Кыргызстан” партиябыздын да өлкөбүздү алга сүрөй турган конкреттүү иш-аракеттер планы, программасы бар.
“Анын өзөктүү багыттарынын бири - чек арабызды бекемдөө, чек ара аймактарында жашап жаткан элибиздин жашоо шартын жакшыртуу. Чек арада жашап, чегибизди коргоп келе жаткан элибизди мен баатырлар деп эсептейм! Ошондуктан, кандай гана кыйынчылыктарга карабастан чек арадан көчүп кетпей, жашап келаткан калкыбызбы мамлекет баштан-аяк камкордукка алуусу тийиш, ар дайым убадаланып келаткан женилдиктер менен камсыздоого Кудай буюрса жетишебиз. Анткени, чек арабыз бекем болсо - мамлекетебизде тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүп-өсүүгө шарт түзүлөт.
Биздин программанын дагы бир багыты – энергетика тармагындагы башаламандыктарга чекит коюу. Мамлекет ата-мекендик инвесторлорго чакан ГЭСтерди салууга толук шарт түзүп бериш керек деп эсептейм. Бул мезгилдин талабы! Өлкөбүздүн булуң-бурчуна чакан ГЭСтерди куруп, энергетикалык катчылыктан чыгып кетүүгө толук мүмкүнчүк бар.
Кыргызстан электр энергиясын сатып алуучу эмес, экспорттоочу мамлекет болушу керек!” – деди ал.
Ошондой эле, мамлекеттик саясат ички ата-мекендик инвесторторлорду колдоого багытталышы керектигин белгиледи.
“Аларга салыктан качпай тургандай кылып шарт түзүп берсек, экономикалык абалыбыз оңолуп, бюджетибиз толуп, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшөт. Чет жакта жүргөн миллиондогон жарандарыбыз үй-бүлөсүнүн жанында, өз мекенинде жумуш орундар менен камсыз болмок”, - деди Калпаев.