Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 982

"Ата Журт Кыргызстан" партиясы -эл жүрөгүнөн түнөк тапкан партия", - деди Надира Нарматова бүгүн, 10-октябрда аталган партиянын кезектеги курултайында. 

"Партиянын элдин жүрөгүнөн түнөк тапканына жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыктары далил. Анда алар алдыга чыга алышты. Карапайым элге жакын партия, андыктан элдин үмүтү чоң, демек чоң жоопкерчилик да артылууда.

Бүгүн Кыргызстан ири өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Буга чейин катачылыктардан сабак алган, жаңылыштыкты түздөгөн жана мекендин кызыкчылыгы биринчи орунга коюлган кадамдар көпчүлүктүн колдоосуна арзыды. Ошондой өзгөрүүлөрдү "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы да улантат. 

Биздин коомдун башкы душманы - коррупция. Жемкорлукка желкебизден батканыбыз жашыруун эмес. Биздин максат - бул өлкөнүн алдыга жылуусуна тоскоол болгон терс көрүнүштүн тамырын балталоо. Партиянын катарына жаш, идиректүү, демилгечил, таза жаштардын жана даанышман улуулардын кошулушу бул процессти тездетүүгө өбөлгө болот", - деди Нарматова.