Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1384

“Жогорку Кеңешке болчу шайлоого катышып жаткан партиялардын саясий көз карашы ар кандай болушу мүмкүн. Бирок мамлекеттин бүтүндүгү, эл достугу - башкы байлыгыбыз экенин баарыбыз билүүгө тийишпиз”, - деди “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери жана депутаттыкка талапкер Бакыт Төрөбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын кезектеги курултайында.

Ал “алдыда боло турган парламенттик шайлоо Кыргызстанды бөлүп-жарбай элдин биримдигин бекемдөөчү фактор болушу абзел” экенин белгиледи.

“Дал ошол себептен, биздин “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиябыз кеңешип, келе жаткан парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен биригип, аламан жарышка чогуу чыгуу чечимин кабыл алдык. Бардыгыбыз үчүн жеке амбицияларды таштап, мамлекет, эл үчүн иштей турган убакыт келди! Эмнеге “Ата-Журт Кыргызстан”! Анткени, башка партияларга караганда дал ушул азыр баарыбыз туусунун алдына чогулган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен көз караштарыбыз толук туура келди. Андан тышкары, мени кубантканы, бүгүн биз тизме түзүүдө таза, жаш, булганбаган кадрларды топтоп жарышка түштүк. Ар бир талапкер дилинде Кыргызстан үчүн күйөт, ниетинде өлкөбүздүн элин жакшы жашоого жетелегиси келет! Ак ниеттүү адамдардан турган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын ошондуктан, жеңишке жетерине ишенем!

Азыркы жаңы шайлоо мыйзамы кыргыз элине чыныгы тандоо укугун берди. Бүгүнкү күндө, ким болсун, кааласа партия менен, кааласа бир мандаттуу округдан талапкерлигин коё алат. Чектөө жок. Эми чынында ким добуш алса депутат болуп келе алат. Өнүккөн коомдо – көз караштардын, идеялардын, программалардын атаандаштыгы өкүм сүрөт. Биз мына ушул багытта изденип, өлкөнү өнүктүрүүгө кадам таштоого милдеттүүбүз. Кайра-кайра адашууну элибиз да, тарых дагы кечирбейт! “Жыгылган күрөшкө тойбойт” деген көрүнүштөн арылчу учур келди. Уткан тарапты, утулганы моюнга алышы парз”, - деди “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери.