Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 408

Былтыркы октябрь айындагы окуялар мындан ары акыйкаттыктын жолунан тайбоону, бийликтин ээси, булагы эл болоорун дагы бир жолу тастыктады. Мындай пикирин “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, депутаттыкка талапкер Бакыт Төрөбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын кезектеги курултайында билдирди.

Ал “эгемендүү мамлекет болгонубузга туура 30 жыл толгонун жана бул аралыкта элибиз оош-кыйыш көп окуяны баштан кечиргенин” белгиледи.

“Сыймыктанчу да, өкүнткөн  да учурлар орун алды. Бирок кандай гана оор кырдаал болбосун, акылман элибиз мезгил сыноосунан сынбай, акыйкаттыкты туу туткан жолунан тайган жок.

Ырасында, чейрек кылымдан ашык убакыт, көз ирмемчелик көрүнгөн менен эгемендүү эркин мамлекет болгонубуз башкы сыймыгыбыз экенин айкын көрсөттү. Биз бул эркиндикти бекем кармашыбыз керек. Биздин байыркы тарыхыбыз бар. Тамырыбыз тереңдеди.

Былтыркы октябрь айындагы окуялар мындан ары акыйкаттыктын жолунан тайбоону, бийликтин ээси, булагы эл болоорун дагы бир жолу тастыктады. Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө, коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо - баарынан бийик экенин көрдүк. Өлкөбүз системалуу өзгөрүүлөргө муктаждыгы билинди.

Арийне, мамлекетибизде туруктуулук болмоюн өнүгүп-өсүү, алдыга жылуу кыйын. Туруктуулуктун башаты - мыйзамдуулуктун сакталышы, шайлоолордун ачык, таза, адилеттүү өтүшүнө көз каранды экени эчен ирет далилденди. Андыктан элдин мүдөөсү, мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан бийик тураарын шайлоого бараткан саясий күчтөр эстен чыгарбашы керек”, - деди Бакыт Төрөбаев.